Купуя жеке маалыматка жетүү саясаты/Жашы жете электерди чектөөдөн бошотуу

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Access to nonpublic personal data policy/Underage exemptions and the translation is 100% complete.

Викимедиа фондунун Купуя жеке маалыматка жетүү саясаты — Викимедиа фондунун Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген, CheckUser, Oversight же VRT сыяктуу Фонд тарабынан ыйгарылуучу жетүү укуктарына талапкерлерге минималдуу талаптарды белгилеген саясат. Саясатка ылайык, VRT мүчөлөрү кеминде 16 жашта болушу керек, ал эми башка кеңейтилген укуктардын ээлери (CheckUsers же Oversighters сыяктуулар) кеминде 18 жашта болушу керек. Кээде кадимки курак талаптарына жооп бербеген, бирок ал талаптардан бошонууга жатканын текшерүүгө татыктуу ишенимдүү колдонуучулар бар болушу мүмкүн. Сизди бошотуу маселесинин караштырылышын кааласаңыз ca@wikimedia.org электрондук почтасына жазсаңыз болот. Анын жалпы жол-жобосу төмөнкүдөй:

  1. Бошотууну Юридикалык бөлүм (башкы кеңешчи же делегат) жана Жамаат менен өз ара аракеттенүү бөлүмү (бөлүм башчы же делегат) жактырышы керек.
  2. Бөлүмдөр талапкерди карап чыгып, анын жарамдуулугун аныкташат.
  3. Юридикалык бөлүм жана Жамаат менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тарабынан жактырылгандан сунуштама Башкармалыктын саясат иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсүнө ылайык бошотууга укуктуу Аткаруучу директорго жөнөтүлөт.
  4. Аткаруучу директор тарабынан жактырылган колдонуучу кадимки жамаат шайлоосунан же тандоо жол-жобосунан өтүшү керек.
  5. Жактырылган учурда түздөн-түз колдонуучуга, ошондой эле ата-энесине же камкорчуларына жөнөтүлгөн Купуялык макулдашуусунун өзгөртүлгөн нускасына кол коюу сунушталат. Тийиштүү маалымдоо тактасында колдонуучулардын жашы жете электиги белгиленет.
Купуялыкка тиешелүү барактар