Jump to content

Купуялык саясаты

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Privacy policy and the translation is 100% complete.
Викимедиа фондунун Купуялык саясаты
Ушул Купуялык саясатынын кыскартылып берилиши. Толугу менен окуп чыккыңыз келсе, ылдый сыдырыңыз же бул жерди басыңыз.
Эскертме: Ушул кыскартылган берилиш Купуялык саясатынын бөлүгү эмес же юридикалык документ эмес. Ал болгону Купуялык саясатын жалпылап берет. Муну колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейс катары кабыл алыңыз.

Эркин билим кыймылына катышуу үчүн жеке маалыматыңызды ачыктоонун кажети жок деген ойдобуз:

  • аккаунттуңузду түзбөстөн Викимедианын каалаган сайттарын окусаңыз, түзөтсөңүз же колдонуңуз болот;
  • электрондук почтаңызды же чыныгы аты-жөнү көрсөтпөстөн катталсаңыз болот.

Викимедиа сайттары кантип колдонулуп жатканын жакшыраак түшүнүп, аларды сизге жакшыртып бергибиз келгендиктен, төмөнкү учурларда маалымат топтойбуз:

Умтулганыбыз:

Эске алынуучу нерселер:

  • Викимедиа сайттарына кошулган материалдарыңыз же түзөтүүлөрүңүз баары жалпыга такай жеткиликтүү болот;
  • эгерде Викимедиа сайттарына материалдарды же түзөтүүлөрдү аккаунтуңузга кирбестен кошсоңуз, ал аракетиңиз аккаунтуңузга эмес, ошол маалда колдонулуп жаткан IP дарекке өзгөртүлбөс жана жалпыга ачык байланат;
  • ыктыярдуу түзөтүүчүлөр жана авторлор жамаатыбыз өзүн өзү көзөмөлдөө жана өзүн өзү башкаруу принциптери боюнча иштешет. Викимедиа сайттарын коргоо жана тийиштүү саясаттардын аткарылышын камсыз кылуу максатында жамаат дайындаган администраторлор соңку түзөтүүлөр тууралуу жабык маалыматка чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүн берген куралдарды колдонушат;
  • ушул Купуялык саясаты Викимедиа фонду башкарган бардык сайттар менен кызматтарга, айрыкча, өзүнүн жеке купуялык саясаты бар (Викимедиа дүкөнү сыяктуу) сайттарга же кызматтарга, ошондой эле үчүнчү тараптардын сайттарына же кызматтарына (мисалы, Викимедианын булут кызматтарындагы үчүнчү тараптардын долбоорлоруна) жайылбайт;
  • дүйнө жүзүнө илим-билимди жайылтуу ниетинде, жалпыга ачык, жыйынтыкталган же жекелештирилбеген маалыматты камтыган дамптарды жана маалымат топтомдорун маал-маалы менен жарыялап турабыз;
  • эгерде ушул Купуялык саясатына макул болбосоңуз, Википедия фондун жана башка колдонуучуларды коргоо максатында, Викимедиа сайттарын колдонбой койгонуңуз оң.

Киришүү

Кош келиңиз !

Викимедиа кыймылы жалгыз дарак бак болбойт деген ары жөнөкөй, бирок күчтүү принципке негизинденет. Викимедиа сайттарын кыйла ыңгайлуу, коопсуз жана пайдалуу кылуунун жаңы жолдорду издеп жатканыбыздан, колдонуучуларыбыз тууралуу маалымат топтомоюн, бөлүшмөйүн жана талдамайын, чогуу-чаран иштей албайбыз.

Маалымат топтоо жана колдонуу ачык-айкындуулук менен коштолушу керек деген ойдобуз. Ушул Купуялык саясаты Википедия сыяктуу бир катар сайттардын хостингине жооп берген коммерциялык эмес уюм болгон Викимедиа фондунун, ушул сайттарды колдонгонуңузда сизден алынган маалыматты кантип топтоп, колдонуп, бөлүшө турганын түшүндүрүп берет. Эң негизгиси — кандай гана Викимедиа сайтын колдонсоңуз, жеке маалыматыңыздын ушул Купуялык саясатында белгиленгендей топтолуп, өткөрүлүп, иштелип, сакталып, ачыкталып жана колдонулушуна макул болосуз. Демек, ушул Саясатты кунт коюп окуп чыгыңыз.

Эркин билим кыймылына катышуу үчүн купуя жеке маалыматыңызды көрсөтүүнүн кажети жок деп ойлойбуз. Кадимки аккаунт түзүү же Викимедиа сайттарын түзөтүү үчүн чыныгы аты-жөнүңүз, дарегиңиз же туулган датаңыз сыяктуу маалыматты ачыктоо шарт эмес.

Жеке маалыматыңызды сатпайбыз же ижарага бербейбиз, ошондой эле сизге бир нерсе сатуу үчүн башкаларга бербейбиз. Анын жардамы менен, Викимедиа сайттарын канткенде жагымдуураак жана жеткиликтүүрөөк кылууга болорун аныктап, кандай идеялар чындап иштерин билип, үйрөнүүнү жана салым кошууну кызыктуураак кылабыз. Кыскасы: жеке маалыматтын негизинде Викимедиа сайттарын сиз үчүн жакшыртып берүү үчүн колдонобуз.

Кантсе да, эркин билим жарчылары болгон дал сиздей адамдар Викимедиа сайттарына жөн гана болоруна эмес, гүлдөп-өскөнгө мүмкүнчүлүк беришет.

Аныктамалар

Ар бир адам (юристтер гана эмес), жеке маалыматы кантип жана кандай максатта топтолорун жана колдонуларын оңой түшүнүшү үчүн ушул Саясат юридикалык тилди колдонбостон — күнүмдүк тил менен жазылды. Кээ бир негизги терминдерди түшүнүдүрүү үчүн таблицага келтирилди:


Мындай дегенибизде... ...муну түшүнөбүз:
«Викимедиа фонду» / «Фонд» / «биз» /
«бизге» / «биздин»
Викимедиа фондун — Викимедиа сайттарынын башкарган коммерциялык эмес уюмду.
«Викимедиа сайттары» / «кызматтарыбыз» «Ушул Купуялык саясаты эмнелерге жайылат жана жайылбайт» бөлүмүндө келтирилген сайттар менен кызматтардан тышкары, Викимедиа сайттары менен кызматтарды (кайсы тилде болбосун), анын ичинде Википедия жана Викиказына сыяктуу негизги долбоорлорубуз, мобилдик колдонмолорубуз, колдонмолордун програмдык интерфейстерин (API'лер), электрондук почталарды жана кабарламаларды.
«сиз» / «сиздин» / «менин» Сизди, жеке жак, топ же уюм болгонуңузга карабастан, ошондой эле Викимедиа сайттарын же кызматтарыбызды өзүңүздүн же башка бирөөнүн атынан колдонуп жатканыңызга карабастан.
«ушул Саясат» / «ушул Купуялык саясаты» «Викимедиа фондунун Купуялык саясаты» деп аталган, ушул документти.
«салымдар» Викимедиа сайттарына кошулган материалдарыңызды же өзгөртүүлөрүңүздү.
«жеке маалымат» Сиз бизге берген же биз топтогон жана сизди аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн маалыматты. Тактап айтканда, төмөндө көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык түрлөрүн сөзсүз топтобосок да, жок дегенде жалпыга ачык эмес жана сизди аныктоо үчүн колдононулушу мүмкүн болсо, «жеке маалымат» деп эсептейбиз:
(а) чыныгы аты-жөнүңүз, дарегиңиз, телефонуңуздун номуру, электрондук почтаңыз, сырсөзүңүз, мамлекеттик аныктоочу документинин аныктоочу номуру , IP дарегиңиз, колдонуучунун агенти тууралуу маалымат, эсептешүү эсебиңиздин номуру;
(б) эгерде (a) бөлүмчөсүндө келтирилген нерселердин бирине байланыштуу болсо, туулган күнүңүз, жынысыңыз, сексуалдык ориентацияңыз, расаңыз же этностук тегиңиз, жарандык же үй-бүлөлүк абалыңыз, ден соолугуңуз же майыптыгыңыз, саясий таандыктыгыңыз жана туткан диниңиз сыяктуу купуя маалыматтын баары.
«үчүнчү тарап» / «үчүнчү тараптар» Викимедиа фонду тарабынан көзөмөлдөнбөгөн, иштетилбеген же башкарылбаган адамдар, уюмдар, сайттар, өнүмдөр менен колдонмолорду. Буларга, ошондой эле Викимедиа кыймылынын илгерилешине жардам берип жаткан Викимедианын колдонуучулары жана Викимедианын жергиликтүү уюмдары, тематикалык уюмдар, колдонуучулардын топтору сыяктуу көз карандысыз уюмдар же топтор, жана алардын ыктыярчылары, кызматкерлери, мүдүрлөрү, кызмат адамдары, грант алуучулары жана бөдрөтчүлөрү кирет.


Ушул Купуялык саясаты эмнелерге жайылат жана жайылбайт

Төмөндө келтирилгендерден тышкары, ушул Купуялык саясаты Викимедиа сайттарын колдонгонуңузда бизге келип түшө турган сиз тууралуу маалыматты топтоодо жана иштетүүдө колдонулат. Ошондой эле ушул Купуялык саясаты өнөктөштөрүбүздөн же башка үчүнчү тараптардан алына турган маалыматка да жайылат. Ушул Купуялык саясаты эмнени жөнгө сала турганын жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү маалыматты караңыз.

Ушул Купуялык саясаты эмнелерге тийиштердин мисалдары

Ушул Купуялык саясаты тилге карабастан төмөндөгүлөрдү тийиш:

  • Википедия сыяктуу бардык негизги сайттарыбызга (негизги долбоорлордун тизмеси), алардын ичинде колдонуучулардын барактарына, талкуу барактарына жана билдирүү такталарына;
  • блогдорубуз менен APIлерге (эгер бул кызматтар үчүн өзүнчө саясат иштеп чыкпасак);
  • Викимедиа фондунун расмий мобилдик колдонмолоруна;
  • биз жөнөткөн же cизден бизге келген электрондук каттарга, SMSтерге жана кабарламаларга.

Ушул Купуялык саясаты биз маалымат топтоп же иштетишибиз мүмкүн болгон кээ бир учурларда колдонулбашы мүмкүн. Мисалы, башка купуялык саясаты колдонушу мүмкүн (Викимедиа дүкөнү сыяктуу же Викимедианын булут кызматтарындагы үчүнчү тараптардын иштеп чыгуучуларынын долбоорлору сыяктуу үчүнчү тараптар иштеткен сайттар менен кызматтар). Ушул Купуялык саясаты эмнени жөнгө салбай турганын жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү маалыматты караңыз.

Купуялык саясаты эмнени жөнгө салбаганы тууралуу кененирээк

Ушул бөлүм Купуялык саясатынын бир бөлүгү болуп саналып, Купуялык саясатыбыз эмнелерди жөнгө салбай турганын түшүндүрүү үчүн арналган.

Бөлөк саясаттар менен жөнгө салынуучу Викимедиа сайттары жана куралдары
Викимедиа фондунун кээ бир сайттары же куралдары ушул Купуялык саясатынан айырмаланган бөлөк купуялык саясаттарына же жоболоруна ээ. Андай сайттардын катарында:
Викимедиа фондунун сайты бөлөк купуялык саясаты менен жөнгө салынса, ал саясатка шилтеме берилет. Викимедиа фондунун куралы бөлөк купуялык саясаты менен жөнгө салынса, ал саясатка шилтеме куралды жүктөй же иштете турган баракта берилет.
Жамааттын мүчөлөрү
Викимедиа сайттары — ыктыярчылар дүйнөлүк жамаатынын мээнети. Дайыма колдоп жана жаңыртып турат. Викимедиа сайттарынын ишин камсыз кылуу үчүн ыктыярчылардын дүйнөлүк жамааты жеке маалыматка кээде жетиши мүмкүн.
  • Чекюзерлер же стюарддар сыяктуу ыктыярдуу администраторлор. Алар Викимедиа сайттарынын саясаттарынын аткарылышын көзөмөлдөгөн жана Викимедиа сайттарынын коопсуздугун камсыз кылган ыктыярчылар. Купуя жеке маалыматка жетүүсү бар администраторлор Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын жана белгилүү бир куралдарга тийиш саясаттарды аткарышы керек.
  • Курал берүүчүлөр. Үчүнчү тарап болгон иштеп чыгуучуларга эксперименттештирүүгө жана wmflabs.org сыяктуу жаңы куралдар менен сайттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген платформаларды колдойбуз. Бул ыктыярчылар иштеп чыккан куралдарын бирин колдонгонуңузда, аларга маалымат беришиңиз мүмкүн. Бул ыктыярчылардын купуя же жеке маалыматка жетүүсү бар болгондо, алар куралды колдонуп жаткан белгилүү бир платформаны жөнгө салуучу шарттарды аткарууга милдеттүү.
  • Башка колдонуучулар. Колдонуучуларга бири-бири менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген бир нече куралдарды сунуштайбыз. Ушул Саясат тутумдарыбыз алкагындагы баарлашууну гана жөнгө салат, бирок ал билдирмелерди алган колдонуучуларга жана аларды алгандан кийин эмне кыларына тийиш эмес. Мисалы:
    • Викимедиа сайттарындагы жөнөтүү тизмелери;
    • requesting support from volunteers through our online ticketing system (email sent to info[at]wikimedia.org goes to this system);
    • emailing other users through the Wikimedia Sites (for example, by using the "Email this user" feature); and
    • chatting on IRC (such as on the #wikipedia channel).
Үчүнчү тараптар
This Privacy Policy only covers the way the Wikimedia Foundation collects, uses and discloses Personal Information and does not address the practices of third parties. For example, this Privacy Policy does not address the practices of:
  • Websites run by other organizations, like websites linked to from the "References" sections of Wikipedia, or run by Wikimedia chapters or other movement organizations. These organizations may receive information from you if you visit their websites after using one of the Wikimedia Sites. They are governed by their own privacy policies.
  • Mobile applications provided by other organizations or individuals. These organizations or individuals may receive information from you if you use those applications to access the Wikimedia Sites or Wikimedia Site content. They are governed by their own privacy policies.

Sometimes, volunteers may place a data-collecting tool, such as a script, gadget, tracking pixel, or share button, on a Wikimedia Site without our knowledge. This Policy does not cover how third parties handle the information they receive as a result of such a tool. If you come across such a third-party tool, and you believe it violates this Policy, you can remove the tool yourself, or report it to privacy[at]wikimedia.org so we can investigate.

Жамааттын саясаттары Чекюзерлер саясаты сыяктуу маалыматты жөнгө салган учурда, тийиштүү жамаат ушул Саясаттагы эрежелер менен милдеттенмелерди кошо алат. Бирок аларга жаңы өзгөчө шарттарды түзгөнгө же ушул Саясат сунуштаган коргоо чараларын солгундатууга уруксат берилбейт.

Маалымат топтоо жана колдонуу

Сизден алынуучу маалыматтардын түрлөрү жана аларды алуу ыкмалары

Жалпыга ачык салымыңыз

Викимедиа сайттарын, анын ичинде колдонуучулардын же талкуу барактарын түзөткөнүңүздө — кошконуңуз, жок кылганыңыз же өзгөрткөнүңүз тууралуу туруктуу, жалпыга ачык жазуу түзүлөт. Барактын тарыхы түзөтүүңүздөр качан болгонун, колдонуучу атыңызды (аккаунтка кирип түзөткөн болсоңуз) же IP дарегиңизди (аккаунтка кирбестен түзөткөн болсоңуз) көрсөтөт. Сизге арналган жаңы функцияларды же маалыматты иштетүүгө байланышкан өнүмдөрдү түзүү, ошондой эле Викимедиа сайттарынын колдонулушу тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн жалпыга ачык салымыңызды башкалардын жалпыга ачык салымы менен жалпылап же обочолоп колдонушубуз мүмкүн. Бул тууралуу ушул Купуялык саясаттын «Сизден алынган маалыматты кантип колдонобуз» бөлүмүнөн кеңири маалымат алсаңыз болот.

Жалпыга ачык маалымат

Ушул саясатта башкача белгиленбесе, Викимедиа сайттарына кошуп жаткан маалыматыңыз, анын ичинде жеке маалыматыңыз жалпыга ачык болорун жана издөө тутумдары тарабынан табылышы мүмкүн экенин эске алыңыз. Интернеттеги көпчүлүк нерселер сыяктуу эле, сиз бөлүшкөн нерселердин бардыгын башкалар көчүрүп, интернеттен тарата алышат. Чыныгы аты-жөнүңүз же жашаган жериңиз сыяктуу маалымат дайыма жалпыга жеткиликтүү болушун каалабасаңыз андай маалыматты жарыялабаңыз.

Сиз жарыялаган белгилүү бир маалыматты же биз жарыялаган жалпыланган маалыматты кимдир бирөө талдап, колдонуучу кайсы өлкөдөн экендиги, саясий көз карашы жана жынысы сыяктуу кошумча маалыматты жаратуу үчүн колдоно алаарын билишиңиз керек.

Аккаунттун маалыматы жана катталуу

Аккаунт түзөсүзбү? Сонун! Түзбөйсүзбү? Эч нерсе эмес!

Кээ бир учурлардан тышкары, Викимедиа сайтын окуу же салым кошуу үчүн аккаунт түзүү талап кылынбайт. Бирок, аккаунтуңузга кирбестен салым кошсоңуз, салымыңыз түзмөгүңүздүн IP дарегине байланып, баарына көрүнүп турат.

Кадимки аккаунт түзгүңүз келсе, көпчүлүк учурда колдонуучунун ысымыңыз менен сырсөзүңүздү гана көрсөтүшүңүз керек. Бирок, электрондук почтаңызды келтирбей койсоңуз, унутулган сырсөзүңүздү алмаштыра албайбыз.

Колдонуучулардын аттары тууралуу кененирээк

Колдонуучу атыңыз баарына көрүнгөндүктөн колдонуучу атыңыз катары чыныгы атыңызды же башка жеке маалыматыңызды колдонуудан этият болуңуз. Сырсөзүңүз аккаунт сиздики экендигин текшерүү үчүн гана колдонулат. IP дарегиңиз да автоматтык түрдө бизге берилип, биз тарабынан убактылуу сакталат. Бул Викимедиа колдонуучуларын жана долбоордун мазмунун коргоо үчүн кылынат; кыянаттык менен пайдалануу учурда IP даректер териштирүү алкагында колдонуучулардын аттары менен байланыштырылышы мүмкүн. Башка жеке маалыматтын: аты-жөнүңүздүн, электрондук почта дарегиңиздин, туулган датаңыздын же насыя картаңыздын кереги жок.

Колдонуучулардын түзүлгөн аккаунттарын толугу менен жок кылуу мүмкүн эмес (бирок, эгер кааласаңыз, колдонуучунун барагыңыздагы маалыматты жашыра аласыз). Анткени, салымдын авторун (сизди!) көрсөтүү керек. Айрым учурларда, Викимедиа жамааттары колдонуучуларга өз аккаунттарына тиешелүү кошумча маалыматты долбоорлордон алып салууга жардам бериши мүмкүн.

Колдонуучуларыбыздын демографиясын жакшыраак түшүнүү, кызматтарыбызды жергиликтештирип жана кантип жакшырта аларыбызды түшүнүү үчүн, жынысыңыз же курагыңыз сыяктуу кошумча демографиялык маалымат сурашыбыз мүмкүн. Бизге мындай маалыматты берүү боюнча чечим түшүнүү менен кабыл алынышы үчүн, мындай маалымат жалпыга ачык же купуя болорун алдын ала маалымдайбыз. Мындай маалыматты берүү шарт эмес. Жалпак тил менен айтканда, каалабасаңыз — бербей эле коюңуз.

Жайгашкан жер тууралуу маалымат

GPS жана жайгашкан жерди аныктаган башка технологиялар

Сизге ылайыктуу нерселерди көрсөтүү үчүн уруксатыңыз менен GPS сыяктуу жайгашкан жерди аныктаган технологияларды колдонобуз. Ушул Саясатта каралган учурлардан тышкары, мындай технологиялардын алкагында алынган маалыматтын купуялуулугун сактайбыз. Бул технологиялардын кандайча колдонуларын билгиңиз келсе, «көп берилүүчү суроолор» барагын караңыз.

Метамаалымат

Кээде жайгашкан жер тууралуу маалыматты түзмөгүңүздөн автоматтык түрдө алабыз. Мисалы, Викиказынанын мобилдик колдонмосу аркылуу фотографияны жүктөсөңүз, сүрөткө тартылган жерди жана убактын сыяктуу метамаалыматты түзмөгүңүздөн автоматтык түрдө ала алабыз. Баса, жогоруда айтылган GPS сигналдары аркылуу алынган маалыматтан айырмаланып, адатта мобилдик түзмөгүңүздүн демейки параметрлеринде фото же видео жүктөгөндө (мисалы, Викимедиа сайттарына) метамаалыматтын жөнөтүлүшү каралган. Эгерде метамаалымат бизге жөнөтүлүшүн жана жүктөө учурунда жалпыга жеткиликтүү болушун каалабасаңыз, түзмөгүңүздүн параметрлерин өзгөртүңүз.

IP даректер

Акыры, Викимедиа сайтына киргениңизде, Интернетке туташып турган түзмөктүн (же прокси сервериңиздин) IP дарегин алабыз жана ошол IP дарек жайгашкан жериңизди аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Викимедиа сайттарын колдонгонуңуз тууралуу маалымат

Викимедиа сайттарын кандай колдоноруңузду билип, аларды сиз үчүн жакшырткыбыз келет. Тактап айтканда, Викимедиа сайттарына канчалык көп киргениңизди, эмнелерге кызыгып жатканыңызды, эмнелерди пайдалуу деп эсептериңизди, Викимедиа сайттарына кантип киргениңизди, эгер кандайдыр бир функцияны башкачараак чагылдырсак, аны көбүрөөк колдонуп же колдонбой турганыңызды билгенге аракет кылабыз. Мындан тышкары, ушул Саясат менен практикабыз жамаатыбыздын баалуулуктарын чагылдырышын каалайбыз. Ушул себептен, Викимедиа сайттарын колдонууңузга тиешелүү маалыматты купуя сактайбыз (ушул Саясатта каралган учурлардан тышкары).

Автоматтык түрдө алынуучу маалымат

Браузерлердин иштешинин өзгөчөлүктөрү үчүн, Викимедиа сайттарына киргениңизде кээ бир маалыматты автоматтык түрдө алуудабыз. Анын ичинде сиз үчүнчү тараптын сайтында Викимедиа сайттарынан алынуучу маалыматты жүктөгөн онлайн куралды колдонгонуңузда. Мындай маалыматка колдонуп жаткан түзмөгүңүздүн түрү (мобилдик колдонмолорубуздун айрым бета версиялары колдонулганда түзмөктөрдүн кайталангыс идентификациялык номурлары да), браузериңиздин түрү жана версиясы, браузериңиздин тил параметрлери, түзмөгүңүздүн операциялык тутумунун түрү жана версиясы, айрым учурларда интернет провайдериңиздин же мобилдик операторуңуздун аталышы, Викимедиа сайттарына кайсы сайттан өткөнүңүз, изделген жана көрүлгөн барактар, Викимедиа сайттарындагы ар сурамдын датасы жана убактысы кирет.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, аталган маалыматты Викимедиа сайттарын колдонуу тажрыйбаңызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Мисалы, сайттарды башкаруу, коопсуздукту камсыз кылуу жана вандализм менен күрөшүү; мобилдик колдонмолорду оптималдаштыруу, мазмунду ыңгайлаштыруу жана тил параметрлерин орнотуу, эмне иштээрин көрүү жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн функцияларды сыноо; колдонуучулардын Викимедиа сайттары менен кантип өз ара аракеттенишин түшүнүү, ар кандай функциялардын колдонулушун көзөмөлдөө жана изилдөө, ар кандай Викимедиа сайттарынын аудиториясынын демографиясын түшүнүү жана тенденцияларды талдоо үчүн колдонулат.

Биз топтой турган маалымат

Ар кандай түрдөгү маалыматты ар кандай кеңири колдонулуучу технологиялар аркылуу топтоп жатабыз. Мындай технологияларга көз салуучу пикселдер, JavaScript, ошондой эле cookie'лер жана жергиликтүү сактагыч сыяктуу «‎маалыматты жергиликтүү сактаган» ар кандай технологиялар кирет. Мындай технологиялар Викимедиа сайттарынан маалымат жүктөгөн үчүнчү тараптын сайтынын онлайн куралдарында колдонулушу мүмкүн. Бул технологиялардын айрымдары ишенимдүү болбой, ак ниетсиз колдонулушу мүмкүн экенин жакшы түшүнөбүз. Андыктан, ушундай ыкмаларды эмне үчүн колдонуп жатканыбызды жана аларды колдонуп кандай маалымат топтоп жатканыбызды мүмкүн болушунча кененирээк түшүндүрүп бергенге аракет кылгыбыз келет.

Колдонулган технологияга жараша жергиликтүү сакталуучу маалымат текстти, жеке маалыматты (IP дарегиңиз сыяктуу) жана Викимедиа сайттарын колдонгонуңуз тууралуу маалыматты (колдонуучу ысымыңыз же кирген убактыңыз сыяктуу) камтышы мүмкүн. Кошумча маалымат төмөндө келтирилген.

Мындай маалыматты Викимедиа сайттарыбызды коопсуздандыруу жана жакшыртуу, колдонуучулар керектөөлөрүн жана Викимедиа сайттары менен аракеттенүүсүн аныктоо, кызматтарыбыздын сапатын жогорулатуу үчүн колдонобуз. Биз эч качан уруксатыңызсыз үчүнчү тараптардын cookie'лерин колдонбойбуз. Эгерде сиз колдонууга уруксат бербеген үчүнчү тараптын маалымат топтоочу куралына туш болсоңуз (мисалы, башка колдонуучу же администратор тарабынан жаңылыштык менен жайгаштырылган), бул тууралуу privacy@wikimedia.org дареги боюнча билдирип коюңузду өтүнөбүз.

Жергиликтүү сакталуучу маалымат тууралуу кененирээк

Жергиликтүү сакталуучу маалымат, JavaScript жана Көз салуучу пикселдер төмөндөгүлөрдө жардам берет:

  • Колдонуу тажрыйбаңызды жекелештирүүгө (мисалы, cookie файлдарды колдонуп, тил жана башка параметрлериңизди сактоо менен сиз каалаган интерфейсти камсыз кылабыз жана Викимедиа менен чөлкөмүңүздөгү кызыктуу иш-чаралар тууралуу билдиребиз).
  • Сизге керектүү маалыматты тезирээк сунуштоо. Мисалы, соңку окулган макалаларыңыз тез табылышы үчүн аларды түзмөгүңүздөгү жергиликтүү сактыгычка сактайбыз. Мындан тышкары, cookie файлдарды колдонуу менен көбүнчө эмнени издеп жатканыңызды билип алып, издөө натыйжаларыңызды оптималдаштырабыз.
  • Эмне иштээрин жана эмне пайдалуу экендигин билүү үчүн Викимедиа сайттарын кантип колдонуп жатканыңызды түшүнүүгө. Мисалы, cookie файлдарды колдонуу менен кайсы макалалар көзөмөл тизмегиңизде экенин билип алып, сизди кызыктырышы мүмкүн болгон сыяктуу макалаларды сунуштайбыз.
  • Викимедиа сайттарын сиз үчүн жемиштүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ар кандай түзмөктөрдө Викимедиа сайттарын кантип колдонуп жатканыңызды түшүнүнүүгө.
  • Викимедиа сайттарын колдонууга ыңгайлуу кылууга (мисалы, cookie файлдарды колдонуп, аккаунтка киргениңизде сессияңызды сактайбыз же аккантка кирүү учурунда колдонуучу атыңызды келтиребиз).

Дагы көбүрөөк билгиңиз келеби? Биз колдонгон айрым cookie файлдары, алардын мөөнөттөрү, ошондой эле аларды кандай максаттарда колдоно турганыбызды КБСтен окусаңыз болот.

Маалымат топтоо тажрыйбаңызды жакшыртууга жардам берет деген ишеничтебиз, бирок браузериңизге жараша параметрлеринен түзмөгүңүздө сакталган айрым же бардык маалыматты жок кылсаңыз же өчүрсөңүз болот. Мүмкүнчүлүктөрүңүз тууралуу көбүрөөк КБСтен окусаңыз болот. Сайттарыбызды колдонуу үчүн жергиликтүү сакталуучу маалымат талап кылынбашы мүмкүн, бирок жергиликтүү сакталуучу маалыматты өчүрүп койсоңуз, айрым функциялар ойдогудай иштебей калышы мүмкүн.

Жогоруда келтирилген мисалдар, сиз жөнүндө маалымат топтоо каражаттары менен топтолгон маалымат ушул Саясатка ылайык купуя бойдон калса дагы, колдонуучу атыңыз аркылуу кылынган аракеттериңиз тууралуу айрым маалымат башка колдонуучулардын аракеттери менен катар жалпыга жеткиликтүү журналдарда жарыялангандыгын эске алыңыз. Мисалы, жалпыга жеткиликтүү журналда Викимедиа сайтында аккаунтуңуз түзүлгөн датасы менен Викимедиа сайтындагы башка аккаунттардын түзүлгөн даталары камтылышы мүмкүн.

Сизден алынган маалыматты кантип колдонобуз

Жалпы жоболор

Биз кызмат көрсөтүүчүлөрүбүз менен биргеликте кайрымдуулук миссиябызды жүзөгө ашыруу үчүн жеке маалыматыңызды мыйзамдуу максаттарда колдонобуз, тактап айтканда, биз:

Викимедиа сайттарын иштетебиз, материалдарыңызды жарыялайбыз, кызматтарыбызды башкарабыз.
  • Билимиңизди дүйнө менен бөлүшүүгө жана кызматтарыбызга жаңы функцияларды кошууга жардам берет.
  • Аккаунтуңузга кирүү мүмкүнчүлүгүн жана тиешелүү кызматтын ишин камсыздайт.
  • Саясаттабыздагы өзгөрүүлөр сыяктуу административдик маалыматты сизге жөнөтөбүз.
  • Башкаларга билдирүүлөрдү жөнөтө аласыз. Колдонуучулар бири-бирине түздөн-түз жиберген билдирүүлөр (мисалы, «‎‎Бул колдонуучуга жазуу» функциясынын жардамы менен жөнөтүлгөн билдирүүлөр), эгерде мындай билдирүүлөр жалпыга ачык болбосо жана Викимедиа фондунун тутумунда сакталса же алар аркылуу берилсе, ушул Саясатта башкача белгиленбесе, купуя сакталат.

Сиз менен болгон мамилебизди жөнгө салуу үчүн аталган аракеттерди көрүп жатабыз, анткени мыйзамдуу таламдарыбыз бар жана/же юридикалык милдеттенмелерибизди аткарабыз.

Жекелештирилген кызматтарды камсыз кылабыз.
  • Жекелештирилген мазмун, эскертмелер, параметрлер менен камсыз кылуу жана Викимедиа сайттарын колдонуу тажрыйбаңызды жакшыртуу үчүн.

Кээ бир учурларда, биз сиздин макулдугуңуз менен же мыйзамдуу таламдарыбызга ылайык кызматтарды жекелештиребиз.

Сизге кызыктуу болушу мүмкүн темалар тууралуу жаңылыктар жана билдирүүлөр менен электрондук каттарды жөнөтөбүз.
  • Викимедиа фонду, Викимедиа сайттары же Викимедиа кыймылы менен болуп жатканы тууралуу маалымдоо үчүн.
  • Көзөмөлүңүздөгү макалада болгон өзгөртүүлөр тууралуу кабарлоо үчүн.

Тийиштүү мыйзамдарда башкача белгиленбесе, аталган электрондук каттарды макулдугуңуз боюнча гана жөнөтөбүз. Электрондук почта дарегиңизди үчүнчү тараптын өнүмдөрүн же кызматтарын жарнамалоо үчүн сатпайбыз, ижарага бербейбиз жана колдонбойбуз. «‎Кабарламалардын параметрлери» жана «Колдонуучунун профили» аркылуу сизге керек кабарламалардын түрлөрүн жана аларды канча жолу алууну аныктай аласыз. Электрондук билдирмелер менен кабарламалар тууралуу жана параметрлериңизди кантип өзгөртсө болору тууралуу КБСтен окусаңыз болот.

Жооп берүү талап кылынбаган сурамжылоолорду жүргүзөбүз жана ойуңузду билип алуу үчүн кайрылабыз.

Ойуңуз менен бөлүшүүнү сураганыбызда, жоопторуңузду жана сиз берген жеке маалыматты кантип колдонгону жатканыбыз тууралуу дайыма айтып турабыз.

Сурамжылоорубузга катыштууга жана ойуңузду билдирүүгө милдеттүү эмессиз. Тийиштүү мыйзамдарда башкача белгиленбесе, андай сунуштарды макулдугуңуз боюнча гана электрондук почтаңыз аркылуу жөнөтөбүз. «‎Кабарламалардын параметрлери» жана «Колдонуучунун профили» аркылуу сизге керек кабарламалардын түрлөрүн жана аларды канча жолу алууну аныктай аласыз. Электрондук билдирмелер менен кабарламалар тууралуу жана параметрлериңизди кантип өзгөртсө болору тууралуу КБСтен окусаңыз болот.

Викимедиа сайттарын өркүндөтүп, колдонуучу тажрыйбаңыздын коопсузураак жана жакшыраак кылабыз.
  • Башкалардын салымы менен бирге же өз алдынча, сиз үчүн жаңы функцияларды же маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу өнүмдөрдү түзүү же Викимедиа сайттарынын колдонулушу жөнүндө маалымат алуу үчүн.
  • Спам, жеке маалыматты уурдоо, зыянкеч программалар жана башка кыянат пайдалануу менен күрөшүү үчүн.
  • Мобилдик жана башка колдонмолорду оптималдаштыруу үчүн.
  • Эмне иштээрин көрүү үчүн функцияларды сыноо, колдонуучулардын Викимедиа сайттары менен өз ара аракеттенүүсүн түшүнүү, ар кандай функциялардын колдонулушун көзөмөлдөө жана изилдөө, ар кандай Викимедиа сайттарынын аудиториясынын демографиясын түшүнүү жана тренддерди талдоо үчүн.

Мыйзамдуу таламдарыбызды ишке ашыруу жана/же юридикалык милдеттенмелерибизди аткаруу үчүн аталган аракеттерди көрүп жатабыз.

Башка

Жайгашкан жер тууралуу маалымат

GPS жана жайгашкан жерди аныктаган башка технологиялар

Жогоруда айтылгандай, сизге ылайыктуу нерселерди көрсөтүү үчүн кеңири колдонулуучу жайгашкан жерди аныктаган технологияларды колдонушубуз мүмкүн. Мисалы, мобилдик колдонмолорубуз Викимедиа сайттарынан жайгашкан жериңизге жакын болгон кызыктуу жерлер тууралуу макалаларды аныктай алат. Эскерте кетсек, жайгашкан жериңиз тууралуу маалымат алуубузга мобилдик түзмөгүңүздүн операциялык тутумунун баштапкы функциялары аркылуу каалаган учурда уруксат берип же тыюу салып, Викимедиа сайттарын колдоно бересиз.

Метамаалымат

Буга чейин айтылгандай, түзмөгүңүздөн жайгашкан жерди автоматтык түрдө ала алабыз. Мисалы, Викиказынанын мобилдик колдонмосу фотографияны жүктөп жатсаңыз, адатта мобилдик түзмөгүңүздүн демейки параметрлери жүктөлүп жаткан сүрөттүн метамаалыматын кошот. Эгерде метамаалымат бизге жөнөтүлүп, жалпыга ачык жарыяланбасын десеңиз, түзмөгүңүздүн параметрлерин өзгөртүңүз.

IP даректер

Викимедиа сайттарына баш бакканыңызда, Интернетке кирүү үчүн колдонулуучу түзмөгүңүздүн (же прокси-сервериңиздин) IP дарегин автоматтык түрдө алып, ошол IP дарек аркылуу кайдан байланышып жатканыңызды аныктай алабыз. Ушул Саясатта көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, IP даректер купуя сакталат. Эгерде Викимедиа сайттарына мобилдик түзмөгүңүздөн кирип жатсаңыз, IP дарегиңиз аркылуу белгилүү бир жааттарда колдонулган маалыматтын көлөмү тууралуу жекелештирилбеген же жыйынтыкталган маалыматты кызмат көрсөтүүчүлөргө беришибиз мумкүн.

Мындай маалыматты Викимедиа сайттарыбызды коопсуздандыруу жана жакшыртуу, колдонуучулар керектөөлөрүн жана Викимедиа сайттары менен аракеттенүүсүн аныктоо, кызматтарыбыздын сапатын жогорулатуу үчүн колдонобуз. Мисалы, мобилдик колдонмолордун коопсуздугун бекемдеп, оптималдаштырып, Викимедиа жамааттарынын ишин кантип кеңейтип, майнаптуу колдоо көрсөткөнү түшүнөбүз. Мындан тышкары, жеке маалыматты ушул Саясаттын «Мыйзамдуу талаптар» жана «Сизди, өзүбүздү жана башкаларды коргоо үчүн» бөлүмдөрүнө ылайык колдонобуз.

Бөлүшүү

Маалыматыңызды кайсы учурларда бөлүшөбүз ?

Уруксат берсеңиз

Эгерде уруксат берсеңиз, жеке маалыматыңызды белгилүү бир максатта бөлүшөбүз. Мисалы, стипендия алып жаткан болсоңуз, жеке маалыматыңызды жергиликтүү бөлүм менен бөлүшүүгө уруксат сурасак. Көбүрөөк маалыматты «көп берилүүчү суроолор» барагынан таба аласыз.

Мыйзамдуу талаптар

Жарактуу жана күчүнө кирген ордерди, сотко чакыруу кагазын, соттун буйругун, мыйзамды, көрсөтмөнү же башка сот же административдик талапты аткаруу үчүн керек дегенге негиз бар деп эсептесек, жеке маалыматыңызга жетүүгө, колдонууга, сактаганга жана/же ачыктоого укуктубуз. Бирок, колдонуучу тууралуу маалыматты ачыктоо талабы мыйзамсыз же укуктук тутумдан кыянат пайдаланып жатат жана жабыркаган колдонуучу ачыктоого өз алдынча каршы чыкпайт деп тапсак, аны аткарбоого болгон күчүбүздү жумшайбыз. Мыйзамдуу талапты аткаруу максатында жеке маалыматыңыз ачыктала турган күнгө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен ал тууралуу электрондук почта аркылуу кабарлоого милдеттенебиз. Бирок, сиз менен байланышууга мыйзам тыюу салбаса, өмүргө же ден-соолукка талапты ачыктоодон пайда болушу мүмкүн коркунуч жок болсо жана электрондук почта дарегиңизди бизге берген болсоңуз гана кабарлай алабыз.

Ушул Купуялык саясаты жеке маалыматыңызды ачыктоо боюнча үчүнчү тараптын талабына (жарандык, кылмыш же мамлекеттик) карата каршы пикириңизди берүүнү же укуктук коргонуунун башка каражаттарын колдонулушун чектебейт. Эгерде мындай талап сизге карата түшкөн болсо, юрист менен дароо кеңешүүнү сунуштайбыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн сотко чакыруу кагазы боюнча көп берилүүчү суроолорду караңыз.

Уюм өткөрүлүп берилсе (мындай болушу күмөн !)

Ушул Саясатта белгиленген учурлардан тышкары, бүтүндөй же дээрлик бүтүндөй Фонддун ээси алмаша турган болсо (мындай болушу дээрлик мүмкүн эмес) же мыйзамдуу кызыкчылыктарыбыз боюнча Фондду кайра уюштура турган болсок (мисалы, биригүү же кошулуу жолу менен), жеке маалыматыңызды купуя сактай беребиз, ошондой эле мындай жеке маалымат Фонддун жаңы ээсине өткөрүлүп бериле турган же башка купуялык саясаты күчүнө кирер күнгө кеминде 30 (отуз) календардык күн калганда Викимедиа сайттары жана WikimediaAnnounce-L же сыяктуу жапырт кат жөнөтүү кызматы аркылуу кабарлайбыз.

Сизди, өзүбүздү жана башкаларды коргоо үчүн

Колдонуу шарттарыбызды, ушул Купуялык саясатын, Викимедиа фондунун же жамааттардын эрежелерин аткаруу же болушу мүмкүн эреже бузууларды аныктоо үчүн керек деп эсептөөгө негиз болсо, биз же белгилүү бир административдик укуктарга ээ колдонуучулар жеке маалыматыңызды колдонушу жана ачыкташы керек болушу мүмкүн. Ошондой эле териштирүү жана юридикалык коркунучтардан же аракеттерден коргонуу үчүн жеке маалыматка жетүүгө жана бөлүшүүгө аргасыз болушубуз мүмкүн.

Викимедиа сайттары кызматташуу негизинде иштейт: колдонуучулар эрежелердин көпчүлүгүн өздөрү иштеп чыгышат жана өз арасынан белгилүү бир административдик укуктарга ээ боло турган адамдарды дайындашат. Аталган укуктар башка колдонуучулардын соңку салым менен иш-аракеттери тууралуу чектелген көлөмдөгү жабык маалыматка жетүүнү камтышы мүмкүн. Бул мүмкүнчүлүктөр вандализм менен кыянаттыктан коргоо, башка колдонуучуларды басмырлоо менен күрөшүү жана жалпысынан Викимедиа сайттарындагы бузуку жүрүм-турумду азайтууга аракет кылуу үчүн колдонулат. Колдонуучулар дайындаган ар кандай административдик топтор купуялыкты коргоо боюнча өз көрсөтмөлөрүнө ээ болгону менен, Купуя жеке маалыматка жетүү саясатыбыздын да талаптарын аткарууга милдеттүү. Колдонуучулар дайындаган административдик топтор ооздуктоо жана тең салмактуулук тутуму аркылуу башка колдонуучулардын алдында жооптуу: колдонуучулар жамаат тарабынан дайындалышат жана алардын иш-аракеттерин каттоо журналы аркылуу кесиптештери тарабынан көзөмөлдөнөт. Бирок, бул колдонуучулардын чыныгы аты-жөндөрү Викимедиа фондуна белгисиз.

Эч качан мындай болбойт деп үмүттөнөбүз, бирок, дене-бойго жакында келтириле турган оор зыянды же адамдын өлүмүн алдын алуу, же уюмубузду, кызматкерлерибизди, бөдрөтчүлөрүбүздү, колдонуучуларыбызды же коомду коргоо үчүн зарыл деп тапсак, жеке маалыматыңызды ачыкташыбыз мүмкүн. Мындан тышкары, мүмкүн болгон спамды, зыянкеч программаларды, алдамчылыкты, кыянаттыкты, мыйзамсыз жосундарды, коопсуздук же техникалык көйгөйлөрдү аныктоо, алдын алуу же башка ыкма менен аларды баалап, четтетүү зарыл деп тапсак жеке маалыматыңызды ачыктай алабыз (Кошумча маалымат алуу үчүн «‎‎КБСтеги» мисалдардын тизмесин караңыз).

Кызмат көрсөтүүчүлөрүбүзгө

Викимедиа сайттарыбызды иштетүүгө, аларды сиз жана башка колдонуучулар үчүн өркүндөтүүгө көмөктөшкөн үчүнчү тарап болгон кызмат көрсөтүүчүлөр менен бөдрөтчүлөрдү ишке тартабыз. Кызмат көрсөтүүчүлөр же бөдрөтчүлөр бизге кызмат көрсөтүшү үчүн же куралдары менен кызматтарын колдонуу үчүн аларга жеке маалыматтарыңызды беришибиз мүмкүн. Кызмат көрсөтүүчүлөр жеке маалыматыңызды жана купуялыгыңызды ушул Саясаттын принциптери боюнча колдонуп, жок дегенде, ушул Саясаттын деңгээлинде корголушу үчүн купуялык келишими сыяктуу талаптарды коёбуз. Кошумча маалыматты «көп берилүүчү суроолор» барагынан таба аласыз.

Викимедиа сайттарына мобилдик түзмөктөр аркылуу кирип жатсаңыз, кызмат көрсөтүүчүлөргө белгилүү бир жааттарда колдонулган маалыматтын көлөмү тууралуу жекелештирилбеген же жыйынтыкталган маалымат берүү үчүн IP дарегиңизди колдонобуз.

Кээ бир кызмат көрсөтүүчүлөрүбүз купуялык саясаттарына шилтемелерди көрсөтүүнү суранышат, мындай кызмат көрсөтүүчүлөрдүн тизмесин жана алардын саясаттарына шилтемелерди бул барактан көрсөңүз болот.

Түшүнүү жана сыноо үчүн

Викимедиа сайттарын иштеткен ачык булактуу программалар, алардын коддорун жазып, сынап, колдонуучуларыбыздын керектөөлөрүнө жараша жакшыртып, өркүндөтүп жаткан ыктыярчы иштеп чыгуучулардын салымына көз каранды. Алардын ишин жеңилдетүү үчүн кээ бир иштеп чыгуучуларга Викимедиа сайттарын иштеп чыгуу жана жакшыртуу үчүн керек болгондо гана жеке маалыматыңызды камтыган тутумдарга жетүүнү беребиз.

Аталгандай эле, жеке эмес же жалпыланган маалыматты Викимедиа сайттарын таануусу келген изилдөөчүлөр, илимпоздор, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар үчүнчү тараптар менен да бөлүшөбүз. Жеке маалыматты изилдөө менен Викимедиа сайттарын колдонуу ыкмаларын, көрүүлөрдүн санын жана демографиялык статистикасын жана жүрүм-турум моделдерин түшүнсө болот. Андан соң өз натыйжаларын биз жана биздин колдонуучулар менен бөлүшүп, Викимедиа сайттарын жакшыраак түшүнүүгө, өркүндүүгө жардам бере алышат.

Үчүнчү тараптагы иштеп чыгуучуларга же изилдөөчүлөргө жеке маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берерде, аталган кызмат көрсөтүүчүлөр жеке маалыматыңызды ушул Саясаттын принциптерине жана нускамаларыбызга ылайык иштеши үчүн тийиштүү техникалык жана укуктук коргоо сыяктуу шарттарды талап кылабыз. Ошондой эле бул иштеп чыгуучулардан же изилдөөчүлөрдөн алар жарыялай турган эмгектеринде же корутундуларында жеке маалыматыңыз ачыкка чыгарылбашын өтүнөбүз. Иштеп чыгуучулар менен изилдөөчүлөрдү милдеттендиргенибиз менен, алар түзүлгөн келишимдерди аткарат жана долбоорлорун такай талдап же текшерип турабыз деп кепилдик бере албаганыбызга көңүл буруңуз (Кайра идентификациялоо тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн КБСти караңыз).

Маалыматты жалпыга ачык жарыяласаңыз

Викимедиа сайттарында жалпыга ачык жарыялаган бардык маалымат жалпыга жеткиликтүү болот. Мисалы, электрондук почта дарегиңизди баарлашуу барагыңызга жарыяласаңыз, ал жалпыга ачык болуп ушул Саясат менен корголбой калат. Эгер аккаунтту түзбөстөн же ага кирбестен түзөтүп жатсаңыз, IP дарегиңиз жалпыга көрүнөт. Жеке маалыматыңызды колдонуучу барагыңызга же башка жерге жарыялоодон мурун, купуялыгыңыздын деңгээли жөнүндө жакшылап ойлонуңуз.

Коргоо

Жеке маалыматыңызды кантип коргойбуз ?

Жеке маалыматыңызга уруксатсыз жетүүдөн, колдонуудан же ачыктоодон коргоого умтулабыз. Тутумдарыбызды жана жеке маалыматыңызды коргоо үчүн бир катар физикалык жана техникалык чараларды, саясаттарды жана жол-жоболорду (мисалы, жетүүнү көзөмөлдөөчү жол-жоболору, тармактык тосмолорду жана физикалык коопсуздук механизмдерин) колдонобуз. Тилекке каршы, маалыматтарды 100 % коопсуз өткөрүп берүү же сактоо деген нерсе болбогондуктан, коопсуздугубуз бузулбайт (техникалык каражаттардын жардамы менен же саясатыбыз менен жол-жоболорубузду бузуу менен) деген кепилдик бере албайбыз.

Биз эч качан электрондук почта аркылуу сырсөзүңүздү сурабайбыз. Бирок, сырсөзүңүздү алмаштыра турган болсоңуз (мисалы, унутуп калсаңыз), убактылуу сырсөзүңүздү электрондук почта аркылуу жөнөтмөкчүбүз. Эгерде сырсөзүңүздү сураган кат келсе, андай каттарды ким жөнөтүп жатканын аныктоо үчүн privacy@wikimedia.org дарегине жөнөтүү менен билдирип коюңузду өтүнөбүз.

Маалыматыңызды сактоо мөөнөтү

Сизден жеке маалыматыңызды алгандан кийин, Викимедиа сайттарын камсыз кылуу, түшүнүү жана өркүндөтүү максатына туура келген жана тийиштүү мыйзамдарды аткаруу үчүн мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө сактоого милдеттенебиз. Көпчүлүк учурларда, жеке маалымат 90 күндөн кийин өчүрүлүп, жыйынтыкталып же кимге таандыктыгы жашырылат. Жекелештирилбеген маалымат жагдайларга жараша чексиз сакталышы мүмкүн (мисалдар «көп берилүүчү суроолор» барагында келтирилген).

Викимедианын тигил же бул сайтында түзөтүү кылганыңызда, тийиштүү барактын тарыхында түзөтүүңүз качан кылынганы, колдонуучунун ысымыңыз (акканунтуңузга кирген болсоңуз) же IP дарегиңиз (аккаунтуңузга кирбей түзөтсөңүз) көрсөтүлөрүн унутпаңыз. Долбоорлордун майнаптуулугун жана ишенимдүүлүгүн үчүн түзөтүүлөрдүн жана өзгөрүштөрдүн тарыхынын ачык-айкындыгы аябай маанилүү. Маалыматты сактоо практикабыз тууралуу толук маалымат алгыңыз келсе, Маалыматты сактоо көрсөтмөлөрүбүздү караңыз.

Укуктарыңыз

Жеке маалыматыңызды жок кылууну кантип өтүнүү же жеке маалыматыңызга тийиштүү башка укуктарыңыз тууралуу «көп берилүүчү суроолор» барагынан караңыз. Жеке маалыматыңызга жетүүнү, жаңыртууну өтүнгөңүз же иштетилишин чектеп/каршы чыккыңыз келсе же башка уюмга берүү үчүн жеке маалыматыңыздын көчүрмөсүн алгыңыз келсе, биз менен байланышыңыз. Суроо-талабыңызга колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жооп беребиз.

Мындан тышкары, айрым укуктарыңызды бизди кийлигишүүсүз эле колдоно алаарыңызга көңүл буруңуз. Мисалы, катталган колдонуучу болсоңуз, жеке маалыматыңызга параметрлериңизден жетип, жаңыртып жана аккаунтуңуздун маалыматын жүктөп ала аласыз. Ошондой эле кабарламалардын параметрлерине өтүп, алардын түрлөрүн жана канчалык көп алына турганыңызды тууралай аласыз.

Маанилүү маалымат

Ушул Купуялык саясатына макул болбосоңуз, Википедия фондун жана башка колдонуучуларды коргоо максатында, Викимедиа сайттарын колдонбой койгонуңуз оң.

Фонд кайсы жерде жайгашкан жана мунун мен үчүн мааниси кандай ?

Викимедиа фонду — серверлери менен маалымат борборлору АКШнын аймагында, кеңсеси болсо Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында жайгашкан коммерциялык эмес уюм. Эгерде Викимедиа сайттарын АКШда же башка өлкөдө колдоном деп чечсеңиз, анда ушул жеке маалыматыңыз ушул Купуялык саясатында белгилеген тартипте АКШда топтолушуна, өткөрүп берилишине, сакталышына, иштетилишине, ачыкталышына жана башкача колдонулушуна макул болосуз. Мындан тышкары, маалыматыңыз АКШдан башка өлкөлөрдүн аймактарына өтүшүнө макул болосуз, ал өлкөлөрдө тейлөө жаатындагы маалыматты коргоо мыйзамдары сиз турган өлкөнүн мыйзамдарына караганда башка же анчейин катаал эмес болушу мүмкүн.

Көз салбоо талабына жооп кайтаруу

Колдонуучуларыбыздын жеке маалыматын коргоо — эң башкы милдеттерибиздин бири. Ушул Купуялык саясатына ылайык, жеке маалыматыңызды үчүнчү тараптарга белгиленген жагдайларда гана бере алабыз, мындай жагдайлар тууралуу ушул Купуялык саясатынын «Жеке маалыматыңызды кандай учурларда бере алабыз ?» бөлүмүнөн окуй аласыз. Тактап айтканда, жеке маалыматыңызды маркетинг максатында бербейбиз.

Бардык колдонуучуларыбызды ушул Купуялык саясатына ылайык коргогонубуздан, браузерден «көз салынбасын» сигналы келгенде жүрүм-турумубузду өзгөртпөйбүз. «Көз салынбасын» сигналдардары жана мындай сигналдар менен кандай иштегенибиз тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн «көп берилүүчү суроолор» барагын караңыз.

Ушул Купуялык саясатына өзгөртүүлөр

Убакыттын өтүшү менен көп нерсе өзгөрүп тургандыктан, Купуялык саясатыбыздын кылганыбызга жана мыйзам талаптарына толук ылайык келишин каалап, мезгил-мезгили менен ушул Купуялык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип турушубуз мүмкүн. Өзгөртүүлөрдү төмөнкүдөй киргизебиз:

  • олуттуу өзгөрүүлөр киргизиле турган болсо, сунушталуучу өзгөртүүлөрдү кеминде үч (3) тилде (биздин тарабынан тандалган) кеминде 30 (отуз) календардык күнгө созула турган ачык талкууга чыгарабыз. Талкуу башталганга чейин, мындай өзгөртүүлөр жана пикир билдирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу Викимедиа сайттары жана WikimediaAnnounce-L же сыяктуу жапырт кат жөнөтүү кызматы аркылуу кабарлайбыз;
  • грамматикалык каталарды оңдоолор, административдик же юридикалык өзгөртүүлөр же туюндурмаларды тактоо сыяктуу майда-барат өзгөртүүлөрдү дароо киргизип турабыз, ага чейин кеминде 3 (үч) календардык күн мурун WikimediaAnnounce-L же сыяктуу жапырт кат жөнөтүү кызматы аркылуу кабарлайбыз.

Купуялык саясатынын колдонуудагы нускасы менен таанышып чыгыңыз. Купуялык саясатынын кийинки нускасы күчүнө киргенден кийин Викимедиа сайттарын колдоно бергениңиз — Купуялык саясатынын жаңы нускасына макул экениңизди билдиргениңиз.

Биз менен байланышуу

Ушул Купуялык саясаты же ушул Купуялык саясатына ылайык топтолуучу маалымат боюнча суроолоруңуз же сунуштарыңыз болсо, биз менен privacy@wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу же түздөн-түз байланышыңыз. Эгерде сиз Европа экономикалык аймагында болсоңуз, жеке маалыматыңыз жөнүндө суроолоруңуз болсо же ага жетинүү, жаңыртууну же жок кылууну сурагыңыз келсе, өкүлүбүзгө EUrepresentative.Wikimedia@twobirds.com электрондук почтасы же кадимки почта аркылуу кайрылсаңыз болот:

Bird & Bird GDPR Representative Ireland
29 Earlsfort Terrace
Dublin 2
D02 AY28
Ireland
Байланыштагы адам: Винсент Реззук-Хаммачи (Vincent Rezzouk-Hammachi)

Эгерде Улуу Британияда турган жеке жак болсоңуз жана жеке маалыматыңызга байланыштуу суроолоруңуз болсо же ага жетинүү, жаңыртууну же жок кылууну сурагыңыз келсе, өкүлүбүзгө UKrepresentative.Wikimedia@twobirds.com электрондук почтасы же кадимки почта аркылуу кайрылсаңыз болот:

Bird & Bird GDPR Representative Services UK
12 New Fetter Lane
London
EC4A 1JP
United Kingdom
Байланыштагы адам: Винсент Реззук-Хаммачи (Vincent Rezzouk-Hammachi)

Европанын экономикалык аймагындагы жана Улуу Британиядагы өкүлдөрүбүз менен маалыматты коргоо маселелери боюнча гана байланышсаңыз болот.

Кайсы жерде турсаңыз, ошол өлкөнүн же чөлкөмдүн тийиштүү органына арызданып кайрылууга укугуңуз бар.

Чоң рахмат !

Купуялык саясатыбыз менен таанышып чыкканыңызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Викимедиа сайттарынан ырахаттанып жатасыз деп үмүттөнөбүз жана дүйнө жүзүндөгү эң ири акысыз билим кампасын түзүүдө, иштетүүдө жана өркүндөтүүдө талыкпай катышканыңыз үчүн рахмат !

Ушул котормонун англис тилиндеги түп нуска менен маңызда же чечмелөөдө кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, англис тилиндеги түп нуска артыкчылыкка ээ экендигин эске алыңыз.


Ушул нуска Аманда Кетон тарабынан Камкорчулар кеңешинин «Саясат жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү» чечимине ылайык 2021-жылдын 7-июнунда жактырылып, 2021-жылдын 25-июнунда күчүнө кирген. Мурунку нускалар төмөндө келтирилген (англис тилинде):

Купуялыкка тиешелүү барактар