Jump to content

Translations:Legal:Confidentiality agreement for nonpublic information/40/ky

From Wikimedia Foundation Governance Wiki

2018-жылдын 6-ноябрында Викимедиа фонду тарабынан Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын жаңы нускасы бекитилген. Бул саясатка ылайык купуя жеке маалыматка жетүүсү бар ыктыярчылар (VRT ыктыярчылары, чекюзерлер, көзөмөлчүлөр жана стюарттар) жетүү укуктарын сактап калуу же алуу үчүн ушул Купуялык макулдашуусуна кол коюшу керек. Макулдашууга кол коюу тартибин бул жерден көрсөңүз болот. Талапкер (талапкерлер) Викимедиа долбоорлору бөгөттөлгөн юрисдикцияларда жашаса ЖАНА алардын жашаган жерин талапкердин (талапкерлердин) өзүнөн жана Викимедиа фондунан башка жактарга белгилүү деген ойго негиз бар болсо, андай талапкердин (талапкерлердин) Ачыкка чыгарбоо макулдашуусу (мындан ары — АЧМ) Викимедиа фонду тарабынан таанылбайт. Юридикалык бөлүм бул маселе боюнча кайрылууну карап чыгып, аталган чектөөдөн бошотуп бериши мүмкүн. АЧМдерди берүү талапкерди (талапкерлерди) жана Викимедиа фондунун платформасын колдонгон башка ыктыярчыларды негизсиз тобокелге салат. Сунушталган түзөтүүнүн эки критерийине тең жооп берген колдонуучуларга АЧМ негизинде берилген бардык жетүү укуктары саясат туураланган учурда жокко чыгарылышы керек.