купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын ар мүчөсүнө эң аз коюлуучу талаптарды аныктоо;
купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү;
купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнүн купуя жеке маалыматтын купуялуулугун сактоо милдетин түшүнүүсүн жана аткаруусун камсыз кылуу;
купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнө купуя жеке маалыматка кайсы учурларда жетүү керектиги, мындай маалыматты кантип колдонуу керектиги жана кайсы учурларда кимге ачыктоо мүмкүн экендиги боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.