Translations:Policy:Human Rights Policy/32/ky
Мамлекеттин аңдуусу менен шартталган тобокелдерди азайтуу ишинде Фонд Купуялык саясатын жетекчиликке алат. Өкмөттөрдүн талаптарын канааттандырууда [$2 Сөз эркиндигин жана жеке турмуштун кол тийбестигин коргоо боюнча глобалдык тармактык демилге принциптерин] жана Купуялык саясатынын «Милдеттенмелер» бөлүмүндөгү адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды жетекчиликке алабыз. Викимедиа Фонду ыктыярчыларын алар тууралуу маалымат сураган өтүнүчтөрдөн коргойт, мындай сурамдар адам укуктарынын стандарттарына туура келбейт.