Басмырлоого жол бербөө саясаты

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Non-discrimination policy and the translation is 100% complete.

Викимедиа фондунун кызматкерлерин же келишим боюнча жалданып иштегендерди расасы, терисинин түсү, дини, жынысы (анын ичинде кош бойлуулугу, төрөт же ушуга байланыштуу ден соолугунун абалы), гендери, гендердик таандыктыгы, гендердик жактан өзүн билдирүүсү, сексуалдык ориентациясы, улуту, жарандыгы, келип чыккан теги, курагы, дене-бой майыптыгы, акыл-эс майыптыгы, ден соолугунун абалы, тукум куучулук, үй-бүлө мүчөсүн баккан макамы, үй-бүлөлүк абалы, жарандык никеси, аскер же согуш ардагери макамы же федералдык, штаттык же жергиликтүү мыйзам боюнча тыюу салынган башка негизде басмырлоого тыюу салат.

Викимедиа фонду, айрыкча, жумушка орношуу, эмгек акы төлөө, өзүндө иштегендерди өнүктүрүү, кызматтык илгерилетүү жана которуу сыяктуу эмгек жаатындагы мамилелерде баарына бирдей мүмкүнчүлүк принцибин карманат. Эгерде басмырланып жатканыңызды байкасаңыз, жетекчиңизге же Викимедиа фондунун Адам ресурстары командасына кайрылыңыз (hr@wikimedia.org).