Бул кыскартылган берилиш Колдонуу шарттарынын түшүнүүгө жеткиликтүрөөк кылууга максатталган.
Эскертме: Ушул кыскартылган берилиш Колдонуу шарттарынын бөлүгү эмес же болбосо юридикалык документ да эмес. Ал болгону Колдонуу шарттарын жалпылап берет. Муну колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейс катары кабыл алыңыз.
Миссиябыздын бир бөлүгү:
бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарды билим берүүчү материалдарды топтоп, өнүктүрүү ишине тартып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ал материалдарды эркин лицензия ылайык жарыялоо же коомдук энчиге өткөрүп берүү;
мындай материалдарды дүйнөлүк деңгээлде майнаптуу жана акысыз жайылтуу;
сизге жардам берүү үчүн сайттарды жана техникалык инфратүзүмдү камсыз кылуу.
Сиз:
макалаларыбызды жана башка медиа файлдарды акы төлөбөстөн колдонуп, басып чыгарсаңыз болот;
эркин жана ачык лицензиялардын шарттарындагы макалаларыбызды жана башка медиабызды бөлүшүп, кайра колдоно аласыз;
ар кандай сайттарыбыз менен долбоорлорубузду толуктап, түзөтө аласыз.
Төмөнкү шарттарды аткаруу менен:
жоопкерчилик — киргизген өзгөрүүлөрүңүзгө өзүңүз жооп бересиз (биз болгону материалдарыңызды жайгаштырабыз);
сылыктык — башка катышуучулар менен сылык мамиледе болгон жагымдуу чөйрө түзгөнгө салым кошуп, эч кимге кысым көрсөтпөйсүз;
мыйзам чегиндеги жүрүм-турум — автордук укуктарды жана башка мыйзамдарды бузбайсыз;
Зыян келтирбе — технологиялык инфраструктурабызга зыян келтирбейсиз;
Колдонуу шарттары жана эрежелер — сайттарыбызга кирип же жамааттарыбызга катышууда ар бир долбоордун төмөндө келтирилген "Пайдалануу шарттарын" жана эрежелерин сактайсыз.
Төмөнкүлөрдү түшүнүү менен:
салымыңыз эркин лицензия боюнча жарыяланаарын — сайттарыбызга же долбоорлорубузга болгон салымыңызды жана түзөтүүлөрүңүздү эркин жана ачык лицензиялашыңыз керек (салымыңыз коомдук энчиде болгон учурдан тышкары);
бул жерден кесипкөй кеп-кеңеш берилбегенин — макалалардын жана башка долбоорлордун мазмуну маалыматтык максаттарда гана берилип, кесипкөй кеп-кеңеш катары каралбашы керек.
Сизге жардам керек болсо же ушул Колдонуу шарттары бузулгандыгы тууралуу билдиргиңиз келсе:
долбоорлорубуз боюнча жардам сураңыз болот: көпчүлүк барактардын сол жагындагы "жардам" баскычын чыкылдатыңыз;
электрондук почта аркылуу жардам сураңыз болот: тажрыйбалуу ыктыярчылар менен infowikimediaorg электрондук почтасы аркылуу кат алышсаңыз болот;
Викимедиа фонду менен байланышсаңыз болот: биз менен кантип байланышуу керектиги жөнүндө маалыматты байланыш барагыбыздан таба аласыз;
жаңы колдонуучу болсоңуз: Викимедиа долбоорлорун колдонууну үйрөнүүгө жардам бере турган долбоордун эрежелерди бул жерден таба аласыз.