Jump to content

Маалыматты сактоо боюнча көрсөтмөлөр

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Legal:Data retention guidelines and the translation is 100% complete.

Киришүү

Маалымат маанилүү. Ал аркылуу биз уюм жана кыймыл катары үйрө, өнүгө алабыз жана жаратуу, билим алуу жана бөлүшүү үчүн колдонулуучу долбоорлорду өркүндөтүү жолун көрсөтөт. Ошол эле учурда, жеке маалыматыңызды «Викимедиа сайттарын иштетүү, түшүнүү жана жакшыртуу жана АКШнын колдонуудагы мыйзамдары боюнча милдеттенмелерибизге ылайык мүмкүн болушунча кыска мөөнөткө» сактоого милдеттенебиз (Викимедиа фондунун Купуялык саясатынан үзүндү).

Бул документ маалыматты сактоо, тутумду долбоорлоо жана учурдагы аудит жана техникалык тейлөө боюнча көрсөтмөлөрүбүздү чагылдыруу менен аталган милдеттенмебизди кантип аткарып жатканыбызды түшүнүүгө жардам берет. Бул көрсөтмөлөр жандуу документ болууга максатталган — учурдагы сактоо практикасын чагылдыруу үчүн жаңыртылып турат.

Бул көрсөтмөлөр кандай маалыматка тийиш ?

Бул көрсөтмөлөр Викимедиа сайттарында топтолуучу Купуялык саясаты жана Вики эмес сайттардын купуялык саясаты менен жөнгө салынуучу бардык купуя маалыматка тийиш. Демөөрчүнүн купуялыгы саясатыбызда демөөрчү тууралуу маалыматты сактоо боюнча бөлөк көрсөтмөлөр берилген.

Купуя маалыматты сактоо мөөнөтү

Башкача белгиленбесе, маалыматтын төмөндөгүдөй түрлөрүн төмөндөгү мөөнөттөрдөн узак сактайбыз:

Маалымат түрү Келип чыгышы Мисалдар Эң узак сактоо мөөнөтү
Купуя жеке маалымат Колдонуучудан автоматтык түрдө топтолот
  • сайтка киргендердин IP даректери (операциялык маалымат)
  • A/B сыноо элементтеринин IP даректери (талдамалык маалымат)
  • Веб-сайтка киргендер колдонгон программа-агент (user-agent) тууралуу маалымат
90 күндөн кийин жок кылынышы, жалпыланышы же ээсиздендирилиши керек
Аккаунттун параметрлеринен
  • Электрондук почта даректери
Колдонуучу аккаунттунун параметрлерин жок кылмайынча/өзгөртмөйүнчө
Жеке эмес маалымат Колдонуучудан автоматтык түрдө топтолот Мөөнөтсүз
90 күндөн кийин жок кылынышы, жалпыланышы же ээсиздендирилиши керек
Колдонуучу тарабынан берилет
  • Сайттын издөө талаасына терилген терминдердин журналдары же колдонуучу чабыттап өткөн издөө тутумуна алдын ала толтурулган шилтемелердеги терминдер
90 күндөн кийин жок кылынышы, жалпыланышы же ээсиздендирилиши керек
Колдонуучу тарабынан берилет
  • Тил
Колдонуучу аккаунттунун параметрлерин жок кылмайынча/өзгөртмөйүнчө
Колдонуучунун аккаунтуна байланышпаган жеке эмес маалымат[T 1] Ар кандай колдонуучулардан автоматтык түрдө топтолот Мөөнөтсүз
Окурмандар карап чыккан макалалар Окурмандан автоматтык түрдө топтолот
  • Окурмандар карап чыккан макалалардын тизмеси
90 күндөн ашпайт, сактала турган болсо, жалпыланган түрдө гана сакталат
  1. «Колдонуучунун аккаунту» колдонуучунун атын, колдонуучунун идентификаторун же IP дарегин билдирет; «окурман» Викимедиа сайттарына киргендерди билдирет.

Жалпыга жеткиликтүү маалыматты сактоо мөөнөтү

Викимедиа бүтүндөй адамзаттын билим кенчин топтоо, документтештирүү жана дүйнө жүзүнө акысыз жайылтуу миссиябыздын бир бөлүгү болгон Википедия жана ага тиешеси бар долбоорлорду иштетет. Демек, Викимедианын кандай гана сайтына, анын ичинде колдонуучунун же талкуу барактарын түзөткөнүңүздө, мазмунду кошкон, жок кылган же өзгөрткөн аракеттериңизди чагылдырган жалпыга жеткиликтүү, туруктуу жазуу түзүлөт. Барак тарыхында түзөтүүңүздүн убактысы, колдонуучу атыңыз (аккаунтка кирип түзөтсөңүз) же IP дарегиңиз (аккаунтка кирбестен түзөтсөңүз). Сиз үчүн жаңы функцияларды же маалыматка байланышкан өнүмдөрдү түзүү же Викимедиа сайттары кандай колдонулуп жатканын жакшыраак түшүнү үчүн, биз сиздин жалпыга жеткиликтүү түзөтүүлөрүңүздү башкалардын жалпыга жеткиликтүү түзөтүүлөрү менен бирге же обочолоп колдоно алабыз. Эгер Викимедиа сайтында жаңылыштык менен жеке маалыматыңызды кошуп алып, аны өчүргүңүз келсе, жамааттын жалпыдан жашыруу саясатын карап чыгыңыз. Сайттарыбыздагы түзөтүүлөр тарыхтарынын ачык-айкындуулугу жана бүтүндүгү миссиябыз үчүн маанилүү экендигин жана Викимедиа фонду жамаатыбыздын долбоорлорду коопсуздугу үчүн жалпыдан жашыруу өтүнүчтөрүн четке кагуу укугун колдой тургандыгын эске алыңыз.

Викимедиа долбоорлорунда аккаунт каттай турган болсоңуз, колдонуучунун атын ойлоп табуу талап кылынат. Колдонуучунун аты колдонуучу аккаунтун кайра атоону өтүнгөнгө же жамааттан из калтырбай кетүү процессинен өткөнгө чейин сакталат.

Толук маалыматты Купуялык саясатыбыздан таба алсаңыз болот.

Аныктамалар

Ушул көрсөтмөлөрдө төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

  • «Жеке маалымат» — сизди аныктаган же жеке сизди аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн, сиз бизге берген же сизден топтолуучу маалымат. Толук маалымат алуу үчүн Викимедиа фондунун Купуялык саясатын жана Вики эмес сайттардын купуялык саясатын караңыз.
  • «Жалпыга жеткиликтүү маалыматтын» мисалдары:
    • (а) IP дарегиңиз (аккаунтуңузга кирбестен түзөтсөңүз);
    • (б) жынысыңыз (колдонуучу профилиңизде көрсөтсөңүз);
    • (в) Викимедиа сайттарында ачыкталган жеке маалыматтарыңыз (мисалы, чыныгы атыңыз же курагыңыз).
  • «Купуя маалыматтын» мисалдары:
    • (а) IP дарегиңиз (аккаунтуңузга кирип түзөтсөңүз);
    • (б) аккаунтуңузду каттап жатканда көрсөтүлгөң электрондук почтаңыз (ачыктабасаңыз);
    • (в) IP дарегиңиз аркылуу аныкталуучу турган жериңиз (ачыктабасаңыз). «Жалпыга жеткиликтүү» караганда «купуя» деп таанылган маалыматтын түрлөрү Купуялык саясатыбызда кеңири түшүндүрүлгөн.
  • «Ээсиздендирилген маалымат» — колдонуучуну аныктоо мүмкүн болбогондой жалпыланган же сакталган маалымат.
  • «Жалпыланган маалымат» — белгилүү бир колдонуучуга тиешелүү маалымат башкалардын маалыматы менен бириктирилип, белгилүү бир колдонуучуларды көрсөтпөстөн негизги тенденциялар менен көрсөткүчтөрдү көрсөтүүчү маалымат.

Жалпылоонун мисалы:

4 түзөтүүчү бар деп так санды көрсөтүүнүн ордуна, «Х өлкөлө Y тилинде сүйлөгөн 1ден 10го чейин түзөтүүчү бар» деген диапазондор колдонуулат.

Бул документте аныктамасы берилбей, колдонулуучу терминдердин мааниси Купуялык саясатындагыдай.

Өзгөчө жагдайлар

Эгер ушул көрсөтмөлөргө өзгөчө шарттарды киргизе турган болсок, аларды ушул баракка келтирип, жамаатка билдиребиз.

  • Маалымат камдык тутумда узагыраак, бирок 5 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин сакталышы мүмкүн.
  • Сурамжылоо же башка изилдөө жүргүзгөндө, мындай изилдөөгө катышууңуздан топтолгон маалыматты (анын ичинде жеке маалыматты) сактоо мөөнөтүн белгилеген купуялык билдирүүсүн беребиз. Кээ бир учурларда, тийиштүү купуялык билдирүүсүндө башкача белгиленбесе, маалымат билим берүү, өнүктүрүү же башка ушундай сыяктуу максаттар үчүн мөөнөтсүз сакталышы мүмкүн. Колдонуучу маалыматты жок кылууну өтүнгөнчө аталган маалымат иштелбеген, жалпыланган же ээсиздендирилген түрдө сакталышы мүмкүн.
  • COVID-19га тиешелүү изилдөөлөр: Викимедиа фондунун изилдөөчүлөр тобу COVID-19 пандемиясын жана анын Википедияга тийгизген таасирин изилдейт. COVID-19га тиешелүү макалалардын окурмандары тууралуу ээсиздендирилген маалыматтарды сактоо — мазмунду түзүүнү кантип артыкчылыктуу кылууну, «тутум шокко учураганда» окурмандар менен эмне болуп жатканын жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет жана изилдөө жамаатына мындай суроолорго жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. «COVID-19га тиешелүү макалалар» деп COVID-19, SARS-CoV-2 жана 2019-2020 COVID-19 pandemic Викимаалымат элементтерине тиешелүү макалаларды түшүнөбүз. Салыштыруу максатында, COVID-19га тиешеси жок бирин-серин макалалардан да маалыматты сактап коёбуз. Жетиштүү маалымат топтоп, убакыттын өтүшү менен окурмандарды жакшыраак түшүнүү үчүн аталган ээсиздендирилген маалыматты 90 күндүк сактоо мөөнөтүнөн тышкары бир жылга чейин — 2021-жылдын 1-мартына чейин сактайбыз (долбоордун аякташын камсыз кылуу үчүн кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу бир айга узартууну камтыганын эске алыңыз). Ылгоо жана ээсиздендирүү процесси тууралуу техникалык маалымат алгыңыз келсе, GitHub сайтындагы долбоор барагын караңыз.
  • Түзөтүүчүлүк боюнча изилдөө: талкуу барактарындагы жооп берүүнү өркүндөтүү боюнча эксперименталдык функциялар алкагында топтолгон маалыматты сактоо мөөнөтү кыска мөөнөткө узартылган. Жетиштүү маалыматтарды топтоо жана талдоо үчүн, бул маалымат 90 күндүк стандарттуу мөөнөттөн узак сакталышы керек. Сакталган маалымат 180 күндүн ичинде жок кылынат, жалпыланат же ээсиздендирилет.
  • Кампаниянын максаттуу баракчалары: колдонуучулар белгилүү бир иш-чаралар, кампаниялар же маркетинг каналдары үчүн атайын максаттуу баракчаларда аккаунттарды түзө алышат. Аккаунттардын колдонулушун камсыз кылуу жана кампаниянын натыйжалуулугун узак мөөнөттүү талдоо үчүн ал баракчаларда аккаунттары түзүлгөндөн кийин алардын аккаунттары менен алардын булагынын ортосундагы байланыш мөөнөтсүз сакталышы мүмкүн. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн mmiller@wikimedia.org электрондук почтасына кайрылыңыз.
  • CampaignEvents кеңейтмеси: CampaignEvents кеңейтмеси аркылуу топтолгон маалымат үчүн өзгөчө шарт каралган. Кеңейтме иш-чаранын уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын глобалуу колдонуучунун идентификаторлорун, ошондой эле колдонуучулар кандай иш-чараларды уюштургандыгы же катышкандыгы жана катышуучулар иш-чарага качан катталгандыгы тууралуу маалымат топтойт. Кеңейтменин функцияларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн, CampaignEvents кеңейтмеси аркылуу топтолгон маалымат мөөнөтсүз сакталышы мүмкүн.
  • Үн логотиби сынагы: 2023-жылдын февралында жеңүүчүнү жарыялоого даярдыктын алкагында бренд студио командасына иштерди баалоого мүмкүндүк берүү үчүн сынакка катышкан иштердин алкагында топтолгон маалыматты сактоо мөөнөтү кыска мөөнөткө узартылган. Сакталган маалымат жеңүүчү жарыялангандан кийинки 90 күндүн ичинде жок кылынат, жалпыланат же ээсиздендирилет.
  • Сейрек учурларда, биз же Купуялык саясатыбызда белгилегендей, административдик укуктарга ээ болгон белгилүү бир колдонуучулар жеке маалыматыңызды, анын ичинде IP дарегиңизди жана агент программаңыз тууралуу маалыматты төмөндөгү максаттар канча убакыт талап кылса, ошончо сактоого аргасыз болушубуз мүмкүн (жогорудагы таблицада белгиленген мөөнөттөн ашышы мүмкүн):
    • Колдонуу шарттарыбызды, Купуялык саясатыбызды, Викимедиа фондунун же жамааттын саясаттарын колдонуу же аларды мүмкүн болгон бузууну териштирүү;
    • териштирүү жана өзүбүздү терс укуктук кесепеттерден жана доолордон коргоо;
    • вандализмден жана кыянаттыктан коргонууга жардам берүү, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө жол бербөө жана жалпысынан Викимедиа сайттарындагы бузуку жүрүм-турумду азайтуу;
    • адамдын дене-боюна боло турган олуттуу зыянга же адамдын өлүмүнүнө жол бербөө же уюмубузду, кызматкерлерибизди, бөдрөтчүлөрүбүздү, колдонуучуларыбызды же коомду коргоо;
    • мүмкүн болгон спамды, зыянкеч программаларды, алдамчылыкты, кыянаттыкты, мыйзамсыз жосундарды, коопсуздук же техникалык көйгөйлөрдү аныктоо, алдын алуу же башка ыкма менен аларды баалап, четтетүү.

Текшерүүлөр менен өркүндөтүүлөр

Фонд ушул көрсөтмөлөрдү тынымсыз баалоого жана өркүндөтүүгө, ошондой эле мындай жакшыртууларды аныктоо максатында мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүүгө умтулат. Колдонуудагы тутумдарга өзгөртүүлөр киргизилген сайын, практикабыздагы өзгөрүүлөрдү чагылдыруу үчүн бул көрсөтмөлөрдү жаңыртып турабыз.

Жаңы тутумдарды иштеп чыгуу

Аталган сактоо мөөнөттөрүн жана жалпы купуялык саясатыбызды аткаруу үчүн Викимедиа фонду тарабынан ишке киргизиле турган жаңы куралдар менен тутумдар купуялыкты эске алуу менен иштелип чыгат. Төмөнкүлөр эске алынат:

  • долбоорлоо процессинде — маалыматты сактоо боюнча бул көрсөтмөлөр;
  • долбоорлоо жана иштеп чыгуу процессинде — юридикалык кеп-кеңештер;
  • кодду текшерүү процессинде — купуялык маселелер.

Жаңы маалымат менен иштөө

Жаңы тутумдарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча бардык аракеттерибизге карабастан, кээде жеке маалымат ушул көрсөтмөлөргө туура келбеген ыкма менен жазылышы мүмкүн. Мындай мүчүлүштүктү байкап калсак, маалыматты жагдайга жараша жок кылуу, жалпылоо же ээсиздендирүү менен ушул көрсөтмөлөрдү дароо аткарабыз.

Contact us

Эгерде бул көрсөтмөлөр бузулган деп ойлосоңуз же бул көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча суроолоруңуз же сын-пикирлериңиз болсо, биз менен privacy@wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу байланышыңыз.

Купуялыкка тиешелүү барактар