Купуя жеке маалыматка жетүү саясаты

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Access to nonpublic personal data policy and the translation is 100% complete.
Дагы караңыз: :m:Access to nonpublic personal data policy/Noticeboard

Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын колдонуучуга ыңгайлуу кыскачасы.

Эскертме: Ушул кыскартылган берилиш Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын бөлүгү болбой, юридикалык күчкө ээ эмес. Ал болгону Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын жалпылап берет. Муну колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейс катары кабыл алыңыз.

Викимедиа жамаатынын купуялыгы маанилүү дегенибиз үчүн купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрү маалыматты белгилүү бир учурларда гана ачыктай алышат:

Викимедиа жамаатынын купуялыгын коргоо Викимедианын маанилүү баалуулугу дегенибиз үчүн купуя жеке маалыматка жетүүсү барлар:

Викимедиа сайттарын жана анын колдонуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттенишип жана алардын купуялыгын коргогусу келген жамааттын мүчөлөрүн жогору баалап:

Purpose

Викимедиа сайттары (мындан ары — Сайттар) — ыктыярчы авторлор менен түзөтүүчүлөрдүн эл аралык жамаатынын жемиши. Ишине бүткүл дити менен берилген бул адамдар Сайттардын мазмунун түзүп, көзөмөлүнө гана албастан, тийиштүү саясаттар боюнча Сайттардын жана алардын колдонуучуларынын коопсуздугун камсыз кылганга жардам беришет. Бул учу-кыйры көрүнбөгөн ишти майнаптуу аткаруу үчүн жамааттын айрым мүчөлөрүнө башка колдонуучуларга таандык купуя жеке маалыматын чектелген көлөмүнө жетүү мүмкүнчүлүгү берилген. Мисалы, «текшерүүчүнүн» укуктарына ээ жамааттын мүчөсү укуктарынан пайдаланып, бир эле колдонуучу бир нече аккаунттарын Викимедиа саясаттарына каршы келген ыкмада колдонбогонун текшериши мүмкүн. Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын (мындан ары — Саясат) максаты:

  • купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын ар мүчөсүнө эң аз коюлуучу талаптарды аныктоо;
  • купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү;
  • купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнүн купуя жеке маалыматтын купуялуулугун сактоо милдетин түшүнүүсүн жана аткаруусун камсыз кылуу;
  • купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнө купуя жеке маалыматка кайсы учурларда жетүү керектиги, мындай маалыматты кантип колдонуу керектиги жана кайсы учурларда кимге ачыктоо мүмкүн экендиги боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.

Ушул Саясат жамааттын кимисине жайылат

Ушул Саясат Купуялык саясатында каралган купуя жеке маалыматка жетүүнү Викимедиа фондунан алган жамааттын бардык мүчөлөрүнө (мындан ары — Жамааттын дайындалган мүчөлөрү) жайылат, анын ичинде:

  • башка колдонуучулардын (CheckUser сыяктуу) же каалаган адамдын (мисалы, VRTS аккаунттары аркылуу) купуя жеке маалыматтарын көрүүгө мүмкүндүк берген ар кандай куралга жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнө;
  • администратордун жетүүсү чектелген (мисалы, Suppression куралы аркылуу) мазмунга же купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрүнө;
  • купуя жеке маалыматка жетүүсү бар иштеп чыгуучулар-ыктыярчыларга.

Тааныштыруу максатында гана, Жамааттын дайындалган мүчөлөрүнө VRTS администраторлору, электрондук каттарга жооп берүүчү топтун мүчөлөрү жана стюарддарды мисал катары келтирилет. Ушул Саясат адаттагыдай өчүрүлгөн өзгөртүүлөрдү гана көрүүгө укуктуу колдонуучуларга жайылбайт. Ушул Саясат, ошондой эле Викимедиа фондунун өз кесиптик милдеттерин аткарган кызматкерлерине же бөдрөтчүлөрүнө жайылбайт, анткени аларга карата коргоо деңгээли ушул Саясаттагыдай же андан да жакшыраак башка купуялык келишимдери жайылат.

Купуя жеке маалыматка жетүү укугун алуу үчүн кайрылган Жамааттын дайындалган мүчөлөрүнө минималдуу талаптар

Жамааттын бардык дайындалган мүчөлөрү аларга купуя жеке маалыматка жетүү («жетүү укуктары») берилгиче төмөнкү минималдуу шарттар менен таанышышы керек. Бул талаптар ошондой эле аталган жетүү укуктарын бере турган ролго жамаат тарабынан дайындоо процессине катышуу үчүн талаптар катары каралышы керек. Жамаат жетүү укуктарына талапкерлерден ар белгилүү бир учурга же ролго жараша жамаат тарабынан белгиленген кошумча критерийлерге жооп берүүсүн талап кылышы мүмкүн.

(а) Минималдуу курак. Купуялыкты сактоо милдеттенмелерден олуттуу жоопкерчилик келип чыккандыктан купуя жеке маалыматка жетүү жетилүүнү талап кылат. Дал ушул себептен, купуя маалыматка жетүү укутарына өтүнгөн жамааттын ар мүчөсү:

  • кеминде он сегиз (18) жашта, электрондук каттарга жооп берүүчү тобунун мүчөлөрүн болсо кеминде он алты (16) жашта болушу керек;
  • жетүү укуктарын алуу үчүн минималдуу курак талабына дал келгендигин Викимедиа фондуна ырасташы керек.

(б) Жарактуу, байланган электрондук почта дареги. Маанилүү милдеттенмелерди алган адамдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн кепилдөө үчүн, жетүү укуктарына өтүнгөн жамааттын ар мүчөсү:

  • Викимедиа фондуна жарактуу электрондук почта дарегин бериши керек;
  • жетүү укуктарына өтүнүү үчүн колдонула турган аккаунтка жарактуу электрондук почта дареги байланган болушу керек;
  • талап кылынса берилген жана/же аккаунтка байланган электрондук почта дарегин ырасташы керек (мисалы, берилген электрондук почтага келген ырастоочу катка жооп берүү);
  • Викимедиа фондуна электрондук почта дарегиндеги өзгөрүүлөр тууралуу мындай өзгөрүүлөрдөн кийин бир аптанын ичинде билдириши керек.

(в) Купуялык. Купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрү ал маалыматтын купуялыгын түшүнгөндүгүн жана кабыл алгандыгын ырастоо үчүн кыскача Купуялык макулдашуусун окуп чыгып, кабыл алышы керек. Макулдашуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жамааттын дайындалган мүчөлөрү кандай маалыматты купуя деп эсептеши керек;
  • кайсы учурларда купуя жеке маалыматка жетүүгө уруксат;
  • Жамааттын дайындалган мүчөлөрү башка колдонуучулар жөнүндө купуя жеке маалыматты кантип колдоно алары;
  • купуя жеке маалыматты качан жана кимге ачыктап жана тийиштүү саясаттарда уруксат берилген учурлардан тышкары, купуя жеке маалыматтарды кимге болбосун ачыктоодон кантип баш тарта алышары;
  • аккаунттарын уруксатсыз колдонуудан кантип коргоого болору;
  • купуя жеке маалыматтын уруксатсыз көрүлүшү, колдонулушу же ачыкталышы же туура эмес колдонулушу тууралуу;
  • купуя жеке маалыматтын ачыкталышы тууралуу үчүнчү жактарга кантип билдирүү же купуя жеке маалыматка талаптагыдай эмес жетүү, колдонуу же ачыктоо тууралуу кантип билдирүү керектиги.

(г) Жеке маалыматтын корголушу. Жамааттын дайындалган мүчөлөрү табыштама берүү процессинин алкагында же ушул Саясатка ылайык кандайдыр бир башка жол менен Викимедиа фондуна берген жеке маалыматтын баарына Жамааттын дайындалган мүчөлөрүнүн купуялыгын эске алуу менен Викимедиа фондунун Купуялык саясаты жана Маалыматтарды сактоо боюнча көрсөтмөлөр колдонулат.

(д) Табыштама берүү мөөнөтү. Ушул Саясат күчүнө кирген учурда жетүү укуктарына ээ ар жамаат мүчөсү ушул Саясаттын (а) – (в) талаптарына ушул Саясат күчүнө кирген күндөн тартып токсон (90) календардык күндүн ичинде дал келиши керек. Викимедиа фонду, өз каалоосу боюнча, зарылчылыкка жараша, жамааттын айрым мүчөлөрү үчүн ылайыктуулук мөөнөтүн узарта алат.

Жогоруда белгиленген мөөнөттө ушул Саясаттын (а) – (в) талаптарын аткарбаган жамааттын ар мүчөсү талап кылынган маалымат берилгиче жетүү укуктарынан ажырайт деп күтүшү керек.

Купуя маалыматты колдонуу жана ачыктоо

Жамааттын дайындалган мүчөлөрү вандализм менен күрөшүп, жардам сураган каттарга жооп берип, талаптагыдай эмес ачыкка чыгарылган жеке маалыматты өчүрүп, лицензиялык уруксаттарды ырастап, бир нече аккаунт колдонгондорду аныктап, программалык камсыздоону өркүндөтүп жана мүчүлүштүктөрдү оңдоп жана башка көптөгөн нерселерди жасап Сайттарга жана алардын колдонуучуларына баалуу кызматтарды көрсөтүшөт. Бирок Жамааттын дайындалган мүчөлөрүнүн жетүү укуктарын колдонуу белгилүү бир жагдайлар жана контексттер менен чектелет. Бул бөлүмдө жетүү укуктары кайсы учурларда колдонулаары жана купуя жеке маалымат үчүнчү жактарга кайсы учурларда ачыктала турганы түшүндүрүлөт.

(a) Жетүү укуктарын жана купуя жеке маалыматты колдонуу. Жамааттын бардык дайындалган мүчөлөрү жетүү укуктарын жана жеткиликтүү болуп калган маалыматты, аларга жетүү үчүн колдонулуучу куралдарды жөнгө салган саясаттарга ылайык гана колдоно алышат. Мисалы, CheckUser куралын ээ болгон жамааттын мүчөлөрү CheckUser глобалдуу саясатын аткарышы керек, эгерде алар вики аралык текшерүүнү жүргүзбөсө, глобалдуу саясаттан тышкары тийиштүү сайтта колдонулуучу кыйла чектөөчү жергиликтүү саясатты да аткарышы керек. Ошо сыяктуу эле, Suppression куралына ээ болгон жамааттын мүчөлөрү аны Suppression саясатына ылайык гана колдоно алышат. Жамааттын дайындалган мүчөсүнүн белгилүү бир куралга жетүүсү кандайдыр бир себеп үчүн жокко чыгарылганда, ал мүчө ошол куралды колдонууда топтолгон бардык купуя жеке маалыматты жок кылышы керек.

(б) Купуя жеке маалыматты ачыктоо. Сайттардын жана алардын колдонуучуларынын коопсуздугу үчүн Жамааттын дайындалган мүчөлөрү купуя жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкташы керек болгон учурлар болот. Купуя жеке маалымат төмөнкүлөргө гана ачыкталат:

(1) ошол эле жетүү укуктарына ээ болгон Жамааттын башка дайындалган мүчөлөрүнө же жетүү куралына карата колдонулуучу саясатта белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн ошол эле купуя жеке маалыматка башка ыкма менен жетүү уруксатын алгандарга;

(2) белгилүү бир IP даректерди бөгөттөөдө же тийиштүү интернет-провайдерлерге даттанууну туюндурууга жардам берүү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөргө, байланыш операторлоруна же үчүнчү тарап болгон башка жеткирүүчүлөргө;

(3) укук коргоо органдарына — дене-бойго оор зыян келтирүүнүн түздөн-түз жана чыныгы коркунучу бар болгондо учурда;

(4) ыйгарым укуктууларга — ачыкталууга тийиш болгон купуя жеке маалыматка ээ колдонуучудан ачык-айкын уруксат алынган учурда;

(5) жалпыга — бир колдонуучунун бир нече аккаунттарынын бирин же башка адепсиз аккаунтту бөгөттөөнүн зарыл жана коштоочу кесепети катары.

Жамааттын жайындалган мүчөлөрү жогоруда аталган учурларда үчүнчү жактарга купуя жеке маалыматты ачыкка чыгарышы мүмкүн болсо да, Викимедиа фонду андай кулууга аларды милдеттендирбейт. Бирок, эгерде Жамааттын дайындалган мүчөсү 2 же 4-пунктчада каралган жагдай боюнча ачыктай турган болсо же мыйзам боюнча укук коргоо органдарына, административдик органдарга же башка мамлекеттик органдарга ачыкташы милдеттүү болсо, мындай болжолдонгон ачыктоого чейин он (10) жумушчу күндөн кечиктирбестен check-disclosure@wikimedia.org электрондук почтасына болжолдонгон ачыктоонун түшүндүрмөсүн жөнөтүп, Викимедиа фондунан жазуу жүзүндөгү уруксат алышы керек.

Эгерде 3-пунктчада белгиленгендей дене-бойго зыян келтирүүнүн түздөн-түз жана чыныгы коркунучу бар болгону үчүн укук коргоо органдары Жамааттын дайындалган мүчөсүнөн жеке маалыматты сураса, ал эми Жамааттын дайындалган мүчөсү жеке маалыматты ачыктоого макул болсо, анда ал алдын ала уруксатсыз ачактай алат, бирок Жамаатттын дайындалган мүчөсү emergency@wikimedia.org электрондук почтасы аркылуу мындай ачыктоону дароо түшүндүрүп бериши керек. Эгерде Жамааттын дайындалган мүчөсү укук коргоо органынын шашылыш сурамы боюнча жеке маалыматты ачыкка чыгарбоого келсе, анда Викимедиа фонду ал сурам боюнча жеке маалыматты ачыктоо мүмкүндүгүн караштырышы үчүн Жамааттын ал дайындалган мүчөсү сурамдын толук чагылдырып emergency@wikimedia.org электрондук почтасына дароо билдириши керек.

Укук коргоо органдарынан, мамлекеттик органдардан, адвокаттардан же башка үчүнчү жактардан чакыруу кагаздарын кошо алганда, колдонуучулардын купуя жеке маалыматын (б.а. жогоруда белгиленген учурлардын бирине да туура келбеген же жамааттын жетүү укуктары бар мүчөсү аракет көрбөсө) берүү боюнча бардык башка расмий жана расмий эмес сурамдар Викимедиа фондунун юридикалык бөлүмүнө (legal@wikimedia.org) жөнөтүлүшү керек.

Купуялыкка тиешелүү барактар