Купуя жеке маалыматка жетүү саясаты/Кыскача
Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын колдонуучуга ыңгайлуу кыскачасы.
Эскертме: Ушул кыскартылган берилиш Купуя жеке маалыматка жетүү саясатынын бөлүгү болбой, юридикалык күчкө ээ эмес. Ал болгону Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын жалпылап берет. Муну колдонуучулар үчүн ыңгайлуу интерфейс катары кабыл алыңыз.
Викимедиа жамаатынын купуялыгы маанилүү дегенибиз үчүн купуя жеке маалыматка жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрү маалыматты белгилүү бир учурларда гана ачыктай алышат:
- жамааттын мүчөлөрү Викимедиа сайттарына зыян келтирүүнү токтотушу керек (мисалы, IP даректерди бөгөттөөгө жардам керек) болгондо;
- дене-бойго оор зыян келтирүүнүн түздөн-түз жана чыныгы коркунучу бар болгондо;
- жамааттын мүчөлөрү ачыкталууга тийиш болгон купуя жеке маалыматка ээ колдонуучудан ачык-айкын уруксат алганда;
- мыйзам талап кылганда.
Викимедиа жамаатынын купуялыгын коргоо Викимедианын маанилүү баалуулугу дегенибиз үчүн купуя жеке маалыматка жетүүсү барлар:
- кеминде 18 жашта (электрондук каттарга жооп берүүчү тобунун мүчөлөрүн кошпогондо, алар кеминде 16 жашта) болушу керек;
- байланыш маалыматын бериши керек;
- купуялык келишимине кол коюшу керек.
Викимедиа сайттарын жана анын колдонуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттенишип жана алардын купуялыгын коргогусу келген жамааттын мүчөлөрүн жогору баалап:
- байланыш маалыматын жана купуялык келишимин купуя сактап, коопсуздугун камсыз кылууга убада беребиз.