Купуялык саясаты/Негизги түшүнүктөрдүн глоссарийи

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Privacy policy/Glossary of key terms and the translation is 68% complete.
Outdated translations are marked like this.

Купуялык саясатынын негизги түшүнүктөрүнүн глоссарийи

Колдонмолордун програмдык интерфейстери (API'лер)

«Колдонмонун програмдык интерфейси» же «API» — програмдык камсыздоонун бөлүктөрүнө бири-бири менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берген байланыш протоколу. Мисалы, МедиаВики API бөлөк програмдык каражаттарына автоматтык түрдө аралыктан окуу же түзөтүү сыяктуу белгилүү бир аракеттерди аткаруу үчүн МедиаВики сайттары (анын ичинде Викимедиа сайттары) менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Википедиядан окуңуз.

Браузерлер

«Браузер» — негизинен веб-барактарды кароо үчүн колдонулуучу програмдык колдонмо. Эң көп колдонулуучу браузерлердин айрымдары — Chrome, Firefox, Safari жана Internet Explorer. Википедиядан окуңуз.

Cookie'лер

«Cookie» — Викимедиа сайттарына кирүү үчүн колдонулуп жаткан компьютериңизге, мобилдик телефонуңузга же башка түзмөгүңүзгө жиберилген майда маалымат файлы, адатта, аныктыкты текшерүү, кээде көз салуу максатында колдонулат. Ар бир cookie белгилүү бир убакыттын өтүшү менен өчүрүлөт, бирок иш убактысы аны колдонуу максатына жана браузердин параметрлерине жараша ар кандай болушу мүмкүн. «Сессиялык cookie» — браузердин же түзмөктүн жабылышы менен өчүрүүлүчү cookie. «Туруктуу cookie» — браузердин же түзмөктүн жабылышы менен түзмөктүн эсинде кала турган cookie. Туруктуу cookie файлдын мөөнөтүн биз аныктайбыз (же өзүңүз өчүрсөңүз болот). Википедиядан окуңуз.

Cookie'лерди браузериңиздин параметрлеринен жок кылсаңыз же колдонушун чектесеңиз болот.

Көз салынбасын

«Көз салынбасын» же «Do Not Track» (DNT) — бул ыкма аркылуу браузериңиз сиз кирген сайтка аракеттериңиз тууралуу маалымат талдоо, жарнама кызматтарына же социалдык тармактарга сыяктуу сиз кирбеген сайттарга берилишин каалабай турганыңызды кабарлайт. Бул механизмди колдосоңуз, браузериңиз жеке маалыматыңыз (айрыкча онлайн режиминдеги кылгандыгыңыз жана интернеттеги өз ара аракеттериңиз) үчүнчү тараптарга берилбесин деген сигнал жөнөтөт. Браузериңизден ушундай сигналды алган сайттын ээси (жеке же юридикалык жак) аны аткарат же көрмөксөн болушу мүмкүн.

GPS

«Жайгашууну аныктоонун глобалдуу тутуму» же «GPS» — спутниктин сигналын кабыл алган унаалардын навигация тутумдары же мобилдик телефондор сыяктуу түзмөктөрдүн жайгашкан жери жана убактысы тууралуу маалымат берген спутник навигация тутуму. Википедиядан окуңуз.

Интернет протоколдун дареги (IP дарек)

«Интернет протоколдун дареги» же «IP дарек» — интернетке тутушкан түзмөккө ыйгарылуучу кайталангыс номур. Сиздин IP дарегиңиз сиз колдонуп жаткан түзмөктүн IP дарегине дал келбеши мүмкүн, тактап айтканда, ал прокси серверди же корпоративдик тармакты колдонуу сыяктуу жагдайларга таасирленет. Бирок, жалпысынан, IP даректер түзмөгүңүздүн жана интернет провайдериңиздин географиялык жайгашкан жерине жараша ыйгарылат, буга байланыштуу чыныгында жайгашкан жериңизди болжолдоп аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Википедиядан окуңуз.

JavaScript

«JavaScript» — көпчүлүк заманбап сайттарда колдонулуучу стандарттуу программалоо тили. Википедиядан окуңуз.

Жергиликтүү сактагыч

«Жергиликтүү сактагыч» же «веб сактагыч» — сайт тарабынан маалыматты «жергиликтүү» (б.а. сайттын серверинде эмес, колдонуучунун түзмөгүндө) топтоо, сактоо, андан соң кайра алып колдонуу ыкмасы. Мисалы, «жергиликтүү сактагыч» колдонулганда, колдонуучунун кирүүлөрү компьютеринде сакталып, канча жолу киргени эсептелип, бизге берилиши мүмкүн. Бул биз үчүн маанилүү колдонуу статистикасын (кирүүлөр санын) алууга мүмкүндүк берет, ошол эле учурда белгилүү бир кирүү тууралуу белгилүү бир маалымат эч качан берилбейт.

Метамаалымат

«Метамаалымат» — белгилүү бир файл (сүрөт же видео сыяктуу) тууралуу кошумча маалыматат. Адатта, фото/видеокамераны өндүрүүчүсү жана модели, сүрөт/видео тартылган датасы жана убактысы, экспозиция убактысы, фокустук аралыгы, ISO боюнча жарык сезгичтиги жана F-number тууралуу маалымат камтыйт. Кээ бир метамаалыматты түзмөк өзү түзсө, башкаларын түзмөктүн ээси кошот. Википедиядан окуңуз.

Операциялык тутум

«Операциялык тутум» — файлдарды көзөмөлдөө, баскычтопто терилген белгилерди экранга чыгаруу сыяктуу негизги тапшырмаларды аткарууга арналган түзмөктүн аппараттык каражаттарын башкаруучу программа. Эң көп колдонулуучу операциялык тутумдардын айрымдары — Linux (ошондой эле GNU/Linux катары белгилүү), iOS, Windows, Mac OS X, жана Android. Википедиядан окуңуз.

Прокси серверлер

«Прокси сервер» — колдонуучунун түзмөгү менен ошол түзмөк маалымат сурап жаткан сервердин ортосунда ортомчунун милдетин аткарган сервер (сайтка, файлга туташуу ж.б.). Википедиядан окуңуз.

Көз салуучу пиксель

«Көз салуучу пиксель» (ошондой эле «веб-маяк», «тунук GIF», «GIF пиксель» же «чекиттүү белги») — Викимедиа сайттарындагы аракеттерге же электрондук почта аркылуу жөнөтүлүүчү билдирмелерге байланыштуу аракеттерге көз салып турууга мүмкүнчүлүк берген көзгө көрүнбөгөн кымындай сүрөт. Көз салуучу пикселдер адатта жарнамаларга байланыштуу болгону менен, аларды ушундай максатта колдонбойбуз, ошондой эле көз салуучу пикселдер аркылуу топтолгон маалыматты сатпайбыз же ижарага бербейбиз. Көз салуучу пикселдер аркылуу топтолгон маалымат үчүнчү тараптарга жыйынтыкталган түрдө жана Купуялык саясатына ылайык гана берилет. Көз салуучу пикселдер аркылуу кээ бир функциялардын, кабарламалардын жана өнүмдөрдүн майнаптуулугун билип, жакшыртууга болор-болбосун аныктай алабыз. Википедиядан окуңуз.

Купуялыкка байланыштуу барактар