Jump to content

Купуялык саясаты/Эмнени жөнгө салбайт

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Privacy policy/What policy does not cover and the translation is 100% complete.
Купуялык саясаты эмнени жөнгө салбаганы тууралуу кененирээк

Ушул бөлүм Купуялык саясатынын бир бөлүгү болуп саналып, Купуялык саясатыбыз эмнелерди жөнгө салбай турганын түшүндүрүү үчүн арналган.

Бөлөк саясаттар менен жөнгө салынуучу Викимедиа сайттары жана куралдары
Викимедиа фондунун кээ бир сайттары же куралдары ушул Купуялык саясатынан айырмаланган бөлөк купуялык саясаттарына же жоболоруна ээ. Андай сайттардын катарында:
Викимедиа фондунун сайты бөлөк купуялык саясаты менен жөнгө салынса, ал саясатка шилтеме берилет. Викимедиа фондунун куралы бөлөк купуялык саясаты менен жөнгө салынса, ал саясатка шилтеме куралды жүктөй же иштете турган баракта берилет.
Жамааттын мүчөлөрү
Викимедиа сайттары — ыктыярчылар дүйнөлүк жамаатынын мээнети. Дайыма колдоп жана жаңыртып турат. Викимедиа сайттарынын ишин камсыз кылуу үчүн ыктыярчылардын дүйнөлүк жамааты жеке маалыматка кээде жетиши мүмкүн.
  • Чекюзерлер же стюарддар сыяктуу ыктыярдуу администраторлор. Алар Викимедиа сайттарынын саясаттарынын аткарылышын көзөмөлдөгөн жана Викимедиа сайттарынын коопсуздугун камсыз кылган ыктыярчылар. Купуя жеке маалыматка жетүүсү бар администраторлор Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын жана белгилүү бир куралдарга тийиш саясаттарды аткарышы керек.
  • Курал берүүчүлөр. Үчүнчү тарап болгон иштеп чыгуучуларга эксперименттештирүүгө жана wmflabs.org сыяктуу жаңы куралдар менен сайттарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берген платформаларды колдойбуз. Бул ыктыярчылар иштеп чыккан куралдарын бирин колдонгонуңузда, аларга маалымат беришиңиз мүмкүн. Бул ыктыярчылардын купуя же жеке маалыматка жетүүсү бар болгондо, алар куралды колдонуп жаткан белгилүү бир платформаны жөнгө салуучу шарттарды аткарууга милдеттүү.
  • Башка колдонуучулар. Колдонуучуларга бири-бири менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген бир нече куралдарды сунуштайбыз. Ушул Саясат тутумдарыбыз алкагындагы баарлашууну гана жөнгө салат, бирок ал билдирмелерди алган колдонуучуларга жана аларды алгандан кийин эмне кыларына тийиш эмес. Мисалы:
    • Викимедиа сайттарындагы жөнөтүү тизмелери;
    • каталарды аныктоо тутумубуз (info[at]wikimedia.org дарегине жөнөтүлгөн кат тутумга өтөт) аркылуу ыктыярчылардан колдоо суроо;
    • Викимедиа сайттары аркылуу башка колдонуучуларга электрондук кат жөнөтүү (мисалы, «Бул колдонуучуга электрондук кат жөнөтүү» функциясын колдонуп);
    • IRC чатында баарлашуу (мисалы, #wikipedia каналында).
Үчүнчү тараптар
Ушул Купуялык саясаты Викимедиа фонду тарабынан жеке маалыматты топтоону, колдонууну жана ачыктоону жөнгө салат, үчүнчү тараптардын аракеттерин болсо жөнгө салбайт. Мисалы, ушул Купуялык саясаты төмөнкүлөрдү жөнгө салбайт:
  • Башка уюмдар башкарган сайттарды, мисалы, Википедиядагы «Булактар» бөлүмдөрүндө шилтемеси келтирилген сайттарды же Викимедианын бөлүмдөрү же Викимедиа кыймылынын башка уюмдары тарабынан башкаруулучу сайттарды. Викимедиа сайттарынын биринен алардын сайттарына киргениңизде, ал уюмдар маалыматыңызды ала алышат. Алар өз купуялык саясаттары менен жөнгө салынат.
  • Башка уюмдардын же адамдардын мобилдик колдонмолорун. Колдонмолорун колдонуп, Викимедиа сайттарына киргениңизде, ал уюмдар менен адамдар маалыматыңызды ала алышат. Алар өз купуялык саясаттары менен жөнгө салынат.

Кээде ыктыярчылар Викимедиа сайтына скрипт, гаджет, көз салуучу пиксель же «бөлүшүү» баскычы сыяктуу маалымат топтоочу куралды бизди кулактандырбай жайгаштырышы мүмкүн. Ушул саясат аталган куралды колдонуунун натыйжасында топтолгон маалыматты үчүнчү тараптар тарабынан колдонуусун жөнгө салбайт. Эгер үчүнчү тараптын аталган куралына туш болуп, ал ушул Саясатты бузуп жатат деп ойлосоңуз, анда аны өзүңүз алып салсаңыз же privacy[at]wikimedia.org сайтына билдирсеңиз болот.

Купуялыкка тиешелүү барактар