Купуялык саясаты/Аныктамалар
Appearance
Outdated translations are marked like this.
Купуялык саясатынын аныктамалары
| Мындай дегенибизде... | ...муну түшүнөбүз: |
|---|---|
| "Викимедиа фонду" / "Фонд" / "биз" / "бизге" / "биздин" |
Викимедиа фондун – Викимедиа сайттарынын башкарган коммерциялык эмес уюмду. |
| "Викимедиа сайттары" / "кызматтарыбыз" | "Ушул Купуялык саясаты эмнелерге жайылат жана жайылбайт" бөлүмүндө келтирилген сайттар менен кызматтардан тышкары, Викимедиа сайттары менен кызматтарды (кайсы тилде болбосун), анын ичинде Википедия жана Викиказына сыяктуу негизги долбоорлорубуз, мобилдик колдонмолорубуз, колдонмолордун програмдык интерфейстерин (API'лер), электрондук почталарды жана кабарламаларды. |
| "сиз" / "сиздин" / "менин" | Сизди, жеке жак, топ же уюм болгонуңузга карабастан, ошондой эле Викимедиа сайттарын же кызматтарыбызды өзүңүздүн же башка бирөөнүн атынан колдонуп жатканыңызга карабастан. |
| "ушул Саясат" / "ушул Купуялык саясаты" | "Викимедиа фондунун Купуялык саясаты" деп аталган, ушул документти. |
| "салымдар" | Викимедиа сайттарына кошулган материалдарыңызды же өзгөртүүлөрүңүздү. |
| "жеке маалымат" | Сиз бизге берген же биз топтогон жана сизди аныктоо үчүн колдонулушу мүмкүн маалыматты. Тактап айтканда, төмөндө көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык түрлөрүн сөзсүз топтобосок да, жок дегенде жалпыга ачык эмес жана сизди аныктоо үчүн колдононулушу мүмкүн болсо, "жеке маалымат" деп эсептейбиз:
|
| "standard account" | An account you can sign up for to browse or edit the Wikimedia Sites. Typically you do not need to provide more than a username and password to create a standard account. |
| “temporary account” | An automatically generated account and identifier used to attribute edits made when you are not logged into a standard account. You do not provide a username or password to create a temporary account. |
| "үчүнчү тарап" / "үчүнчү тараптар" | Викимедиа фонду тарабынан көзөмөлдөнбөгөн, иштетилбеген же башкарылбаган адамдар, уюмдар, сайттар, өнүмдөр менен колдонмолорду. Буларга, ошондой эле Викимедиа кыймылынын илгерилешине жардам берип жаткан Викимедианын колдонуучулары жана Викимедианын жергиликтүү уюмдары, тематикалык уюмдар, колдонуучулардын топтору сыяктуу көз карандысыз уюмдар же топтор, жана алардын ыктыярчылары, кызматкерлери, мүдүрлөрү, кызмат адамдары, грант алуучулары жана бөдрөтчүлөрү кирет. |