Jump to content

Купуялык саясаты/Сотко чакыруу кагазы боюнча көп берилүүчү суроолор

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Policy:Privacy policy/Subpoena frequently asked questions and the translation is 100% complete.

Викимедиа фондунун Купуялык саясаты: Сотко чакыруу кагазы боюнча көп берилүүчү суроолор

Сотко чакыруу кагазы деген эмне ?

Сотко чакыруу кагазы ― кимдир бирөөгө сотко келүүнү же сот ишине байланыштуу далилдерди келтирүүнү талап кылган документ. Сотко чакыруу кагазынын бир түрү колдонуучулардын сайттагы аракеттерине негизденип, кызмат көрсөтүүчүлөрдөн ал колдонуучулардын жеке маалыматын ачыктоону талап кылат. Сотко чакыруу кагаздары сот ишиндеги тараптардын бирин жактаган адвокаттар тарабынан түзүлгөнү ыктымал болуп, кээде ашыкча талаптарды камтышы мүмкүн. Ал талаптар, каршы пикирди дароо билдирүү менен бөгөттөлбөсө, кийин айрым каршы пикирлер четке кагылып, сот тарабынан каралбашы мүмкүн.

Эмне үчүн кимдир бирөө менин аныктоочу маалыматымды билип алууга аракет кылып жатат ?

Адатта, инсандыгы белгисиз адамдын ким экенин аныктоого максатталган сотко чакыруу кагазы даярдануу (далилдерди топтоо) этабында үчүнчү тараптын сайтында жайгаштырылат. Доогер, адатта, доогердин дооматтарына ылайык доогерге зыян келтирген деп шектелген тараптын инсандыгын аныктагысы келет. Болжолдуу зыян доогер жалаа жапкан же автордук укукту бузган деп эсептеген макала же талкуу барагындагы түзөтүү сыяктуу кандайдыр бир онлайн жарыялоодон келип чыгышы мүмкүн. Доогер колдонуучунун IP дарегин же катталган электрондук почта дарегин интернет провайдерге өткөрүп берип, аны аныктай алат. Колдонуучунун инсандыгы аныкталгандан кийин, зыян келтирүү айыптоосу боюнча ал колдонуучуга карата доо арызы жазылышы же кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Эч нерсе кылбасам эмне болот ?

Эгерде сиз керектүү юридикалык чараларды көрбөсөңүз, Викимедиа фонду жеке маалыматыңызды же башка суралган маалыматты берүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Суроо-талап жасаган тарап ким экениңизди билип алгандан кийин, сизге каршы сотко кайрылыш мүмүн.

Сотко чакыруу кагазына каршы эмне кылсам болот ?

Юридикалык аргументтердин жана процессуалдык талаптардын татаалдыгынан, ошондой эле сотко өз алдынча катышканыңызда өзүңүздү жашыруун калтыруу кыйын болгондуктан, өзгөчө сотко чакыруу кагазынан коргонуудан мурун адвокат менен дароо кеңешүү сунушталат. Сотко чакыруу кагазына каршы пикир билдирүү эрежелери жана жол-жоболору сотко чакыруу кагазы берилген юрисдикция менен шартталат.

Кээ бир юрисдикцияларда доогерлерге каршы пикириңизди жазуу жүзүндө билдире аласыз. Башка юрисдикцияларда жокко чыгаруу боюнча кайрылуу (сотко чакыруу кагазын жокко чыгаруу өтүнүү) гана мүмкүн. Кандай болбосун, жеке жана башка маалыматтарыңызды ачыктоодон коргоо үчүн, белгиленген мөөнөткө чейин зарыл болгон аракеттерди жумшооңуз маанилүү.

Төмөнкү англис тилиндеги сайттарга көз чаптырып чыксаңыз болот:

Купуялыкка тиешелүү барактар